РаспоряжениеДействует

Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 4 апреля 2022 года № 167-р «В целях решения вопросов, связанных со строительством комплексов административных зданий государственного значения, а также в целях привлечения инвестиций»

Редакцияот 04.04.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 4-апрели № 167-т

Мамлекеттик маанидеги административдик имараттардын комплекстерин куруу менен байланышкан маселелерди чечүү, ошондой эле инвестицияларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин I бөлүгүнүн З-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелериие ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет,экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Ысык-Көл" мейманкана-соода комплекси" мамлекеттик ишканасынын кредитордук карызын төлөөгө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Топтолгон финансылык резервдер" деген 2829-беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен 42 508 185 (кырк ЭКИ миллион беш жүз сегиз миң бир жүз сексен беш) сом болүп берсин;

2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзымынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн. бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну белгиленген тартипте камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров