Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 апреля 2022 года № 185-р «Об утверждении состава кыргызской части кыргызской части Межправительственной кыргызско-российской комиссии по торгово-экономическому, научно-техническому и гуманитарному сотрудничеству»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 11-апрели № 185-т
2022-жылдын 13-14-апрелинде Россия Федерациясынын Москва шаарында өтүүчү Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясынын кезектеги 23-жыйналышынын ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2022-жылдын 12-15-апрелинде Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапарга жиберилсин.
3. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын тең төрагасы; |
Самат Гульнара-Клара | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; |
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Ниязалиев Нуран Садырович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
Аскарова Зарема Аликовна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары; |
Абдрахманов Канат Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Абазбек уулу Расул | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Ибраев Таалайбек Омукеевич | - | Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; |
Тургунбаев Алмаз Абдылдаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Рахматуллаев Жалалидин Мамаюсупович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Дубанаев Адилет Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Новиков Артем Эдуардович | - | Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы; |
Орозалиева Айкерим Орозалиевна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Ниязалиев Дастан Картанбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Биринчи саясий департаментинин директорунун орун басары; |
Апышева Айзаада Ишенбековна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын начальниги; |
Бегматова Асель Абжалалбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын КМШ жана ШКУ өлкөлөрү менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы. |