Распоряжения Кабинета министров Кыргызской Республики от 14 апреля 2022 года №196-т О внесении изменений в распоряжение Кабинета министров Кыргызской Республики от 14 февраля 2022 года по №59-р
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 14-апрели № 196-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-февралындагы № 59-т тескемеси менен аныкталган “Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясын өткөрүүгө байланышкан жол-жоболорду конкреттештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси түзүлгөндүгүнө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-февралындагы № 59-т тескемесине төмөнкүдей өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси ушул тескемеде каралган лотереянын оператору болуп аныкталсын.";
2-пунктунда:
- 1-пунктчасы "(мындан ары - кызыктыруучу лотерея)" деген сөздөрдөн кийин "ушул тескемеде каралган каражаттардын жана/же башка булактардын эсебинен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Зарыл болгон учурда "Айыл Банк" ачык акционерднк коому жеңүүчү сертификаттарды накталоо үчүн өнөктөш-банк болуп аныкталсын.".
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |