Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 5 апреля 2022 года № 225-р ( О предоставлении прав пользования недрами )
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 26-апрели № 225-т
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан Күрмөнтү акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | |||||
Чекиттер № | X | Ү | Чекиттер № | X | Ү |
1 | 14274599 | 4745913 | 9 | 14274916 | 4744933 |
2 | 14274494 | 4745830 | 10 | 14274661 | 4744781 |
3 | 14274444 | 4745759 | 11 | 14274419 | 4745610 |
4 | 14274402 | 4745670 | 12 | 14274480 | 4745509 |
5 | 14274359 | 4745815 | 13 | 14274503 | 47454.14 |
6 | 14274859 | 4746052 | 14 | 14274574 | 4745248 |
7 | 14275087 | 4745605 | 15 | 14274769 | 4745397 |
8 | 14274823 | 4745410 |
|
|
|
Аянты 35,41 га | |||||
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияны берсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |