РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 30 апреля 2022 года № 234-р ( Об одобрении заключения Кабинета Министров Кыргызской Республики к Протоколу к Временному соглашению, ведущему к образованию зоны свободной торговли между Евразийским экономическим союзом и его государствами-членами, с одной стороны, и Исламской Республикой Иран, с другой стороны, от 17 мая 2018 года, подписанному 14 марта 2022 года в городе Тегеран) городе Тегеран)

Редакцияот 30.04.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 30-апрели № 234-т

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:

1. 2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган, 2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234-т тескемеси менен жактырылды

2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган, 2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ

2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган, 2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу аталган Протоколду ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалды.

Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашууга 2018-жылдын 17-майында 3 жылдык мөөнөткө кол коюлган жана 2019-жылдын 27-октябрында күчүнө кирген.

Убактылуу макулдашуунун эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашуулардан негизги айырмасы анын шарттарына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы соода жүргүзүүдө ташып кирүү бажы алымдары дээрлик бардык товардык номенклатура боюнча эмес чектелген товарларга төмөндөтүлөт же жоюлат. Ошол эле убакта Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун колдонуудагы эрежелерин сактоо үчүн Иран менен Убактылуу макулдашууга толук форматтагы эркин соода аймагына (мындан ары - ЭСА) өтүү боюнча так баяндалган милдетти камтыйт.

Ошентип Иран менен Убактылуу макулдашуунун 1.3-беренеси менен толук форматтагы ЭСАны түзүү боюнча сүйлөшүүлөр ал күчүнө кирген датадан тартып бир жылдын ичинде башталат жана үч жылдын ичинде бүтүшү керек. Түзүлүп жаткан ЭСА эл аралык эрежелерге, стандарттарга жана практикаларга ылайык келүүгө тийиш.

Протоколго ылайык Убактылуу макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн 4 жылга же Эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашуунун толук форматтагы долбоорун түзүүгө чейинки мезгилге чейин эки шарттын кайсынысы биринчи ишке ашырылганына жараша узартуу сунушталат. Толук форматтагы Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн 2 раунду өткөрүлгөн, анда тараптар Макулдашуунун текстинин негизги бөлүгүн макулдашкан жана тарифтик алмашуулардын алгачкы версиялары менен алмашкан.

Протоколдун долбоору Евразия экономикалык бирлигинин Кеңешинин 2021-жылдын 29-октябрындагы № 21 тескемеси менен жактырылган.

Ошондой эле Протоколдун долбоору Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 19 чечими менен жактырылган.

Мындан тышкары, мурда кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу стадиясында Протоколдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жана Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен белгиленген тартипте макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 82-т тескемеси менен жактырылган.

Протоколго 2022-жылдын 14-мартында Иран Ислам Республикасынын Тегеран шаарында кол коюлган.

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.

Жогоруда жазылгандар менен катар, Протокол Кыргыз Республикасын Конституциясына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбей тургандыгын белгилейбиз.

Протоколду ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.