Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 24 февраля 2022 года № 155 (Об утверждении Положения об Оперативном штабе по координации реализации Программы развития Баткенской области Кыргызской Республики на 2021-2035 годы и Дорожной карты по ее реализации)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 24-февралы № 155
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 159 КПҮ токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашырууну координациялоо боюнча ыкчам штаб жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашырууну координациялоо боюнча ыкчам штабдын курамы 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашырууну координациялоо боюнча ыкчам штабдын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Ыкчам штабдын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары.
Ыкчам штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
"Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "KADI" мамлекеттик мекемесинин директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын инспектору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"РСК Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу менен);
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча, Ыкчам штабдын жетекчисинин чечими боюнча);
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча, Ыкчам штабдын жетекчисинин чечими боюнча);
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча, Ыкчам штабдын жетекчисинин чечими боюнча).