РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 26 мая 2022 года N 285-р «О согласии с некоторыми проектами международных актов»

Редакцияот 26.05.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 26-майы № 285-т

Расмий тилде тиркелген төмөнкүлөргө макулдук берилсин:

- Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарында 2015-жылдын 18-ноябрында кол коюлган Борбордук (улуттук) банктардын Евразия кеңеши жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен 1-тиркемеге ылайык;

- Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарында 2015-жылдын 18-ноябрында кол коюлган Борбордук (улуттук) банктардын Евразия кеңеши жөнүндө макулдашууга Казакстан Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин кошулуусу жөнүндө протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен 2-тиркемеге ылайык.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров