РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 28 июня 2022 года N 360-р «Об одобрении проектов Кредитного соглашения и Грантового соглашения между Кыргызской Республикой и Европейским банком реконструкции и развития по проекту»Устойчивое к климату водоснабжение в Кыргызской Республике"

Редакцияот 28.06.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 28-июну № 360-т

1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер (расмий эмес котормо) жактырылсын:

1) Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;

2) Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуунун долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У.Жапаров