РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 8 сентября 2022 года № 472-р (О принятии в государственную собственность три поврежденные секции статора, поставленные в рамках реализации проекта «Реабилитация Токтогульской ГЭС. Фаза 2»)

Редакцияот 08.09.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 8-сентябры № 472-т

Бажы төлөмдөрүнөн жана алымдарынан бошотуу максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун арызынын негизинде "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун ишке ашыруунун алкагында коюлган статордун үч бузулган секциясын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн статордун үч бузулган секциясын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров