РаспоряжениеДействует

Распоряжение Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики от 20 октября 2022 года № 687 (О награде Почетной грамотой Кабинета Министров КР и об объявлении благодарности Председателя Кабинета Министров КР)

Редакцияот 20.10.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 20-октябры № 687

 

Ак ниет эмгеги жана Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына байланыштуу:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйлансын:

 

Төлөнов Касымбек Кубанычбекович

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын Баткен облусундагы Арка токой чарбасынын директору;

Кудайбердиев Кадырбек Шералиевич

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын Жалал-Абад облусунун суу чарба мамлекеттик бассейн башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Тентиева Батмабүбү

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун беденин селекциясы жана үрөнчүлүк лабораториясынын башчысы;

Мартынов Евгений Сергеевич

 

- Кыргыз Республикасынын облусунун Сокулук районундагы "Алмаз" дыйканчылык-фермердик чарбасынын жетекчиси;

Айтибаева Рабияхон Гайыпбековна

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары мамлекеттик кызматынын "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын жетектөөчү адиси.

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

 

Осоев Жыргалбекке

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын Кемин райондук ветеринардык башкармалыгынын начальниги;

Абдипаизов Узакбай Мейрачевичке

 

- "АгроСтайл" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча каражаттарды жеткирүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы;

Рыскелдиев Джумаке Джумакуновичке

 

- "Нарын" асыл тукум чарбасынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айылы;

Турдумбеков Кушубек Султановичке

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Талас райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;

Эсеналиев Раимбек Шүкүрбековичке

 

- "Шүкүрбек-Сервис" айыл чарба кооперативинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айылы.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.У.Жапаров