РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 572-р (О заключении договора с обществом с ограниченной ответственностью «Фирма»ЗЕНИТ" по очистке золошлаковых отходов с мест захоронения для использования в производстве цемента)

Редакцияот 24.10.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2022-жылдын 24-ноябры № 572-т

2022-жылдын 6-сентябрында кол коюлган, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 01-1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Терек-Таш" жоопкерчилиги чектелген коому жана "ЗЕНИТ" фирмасы" жоопкерчилиги чектелген коому компанияларынын консорциумунун ортосундагы Цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

"Электр станциялары" ачык акционердик коомуна цемент өндүрүшүндө колдонуу үчүн көмүлгөн жерлерден экологиялык талаптарды жана "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күл-шлак төгүүчү жайларды (дамбаларды, жолдорду ж.б.) күтүүнүн технологиялык шарттарын сактоо менен күл-шлак калдыктарын тазалоо боюнча "ЗЕНИТ" фирмасы" жоопкерчилиги чектелген коому менен белгиленген тартипте келишим түзүү сунушталсын.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У.Жапаров