РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 19 октября 2022 года № 566-р (Об утверждении кыргызской части межправительственной кыргызско-армянской комиссии по торгово-экономическому, научно-техническому и культурно-гуманитарному сотрудничеству)

Редакцияот 19.10.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2022-жылдын 19-октябры № 566-т

Армения Республикасынын Ереван шаарында 2022-жылдын 3-4-ноябрына пландалган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясынын биринчи жыйналышына катышуу үчүн:

1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2022-жыпдын 2-5-ноябрында Армения Республикасынын Ереван шаарына иш сапарга жиберилсин.

3. Комиссиянын жыйналышына катышууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У.Жапаров

 

 

 

 

Тиркеме

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Амангельдиев Данияр Джолдошевич

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Байдылдаев Мурат Курманбекович

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

Дозоев Бакыт Асаналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин инвесторлор менен иштөө боюнча мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо бөлүмүнүн башчысы;

Атабеков Эркинбек Бактыбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин үчүнчү саясий департаментинин атташеси;

Бегматова Асель Абжалалбековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жооптуу катчысы.