РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 24 ноября 2022 года № 647-р «Об образовании официальной делегации Кыргызской Республики»

Редакцияот 24.11.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 24-ноябры № 647-т

Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда "Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Peспубликасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Расмий делегациянын башчысына, ал эми ал жок учурда - расмий делегациянын башчысынын орун басарына Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколvнa кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У.Жапаров

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда "Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын

курамы

 

Ибраев Таалайбек Өмүкеевич

- Кыргыз Республикасынын энергетика министри, расмий делегациянын башчысы;

 

Султанбеков Сабырбек Укушович

- Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары.

 

Расмий делегациянын мүчөлөрү:

 

Абдибаева Айсаркан Нышановна

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

 

Сулайманов Кундузбек Кошалиевич

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр-жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

 

Осмонов Айбек Жапарович

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

 

Баетов Аяз Батыркулович

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

 

Татиков Руслан Сатылганович

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

 

Абдрахманов Канат Жаныбекович

- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

 

Артыкбаев Айбек Мухтарович

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

 

Байгазиев Талайбек Аскарович

- “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

Садыков Нурлан Маткасымович

- “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).