РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 2-р (О проекте строительства малой гидроэлектростанции на Орто-Токойском водохранилище)

Редакцияот 13,01,2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 13-январы № 2-т

Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ ишканаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги эки айлык мөөнөттө Орто-Токой суу сактагычында чакан гидроэлектр станциясын куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемени жаңылоо жана долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу маселесин иштеп чыксын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун "China National Heavy Machinery Corporation" кытайлык компаниясынын алдында Орто-Токой суу сактагычында кубаттуулугу 21 МВт чакан гидроэлектр станциясын куруу үчүн техникалык-экономикалык негиздемеде жана долбоордук-сметалык документтерде аныкталган суммадан 70% өлчөмүнө кепилдик берүүчүсү болуп чыксын;

- кепилдик кызматы үчүн кошуп эсептелген бир жолку комиссияны Орто-Токой суу сактагычындагы чакан гидроэлектр станциясын ишке киргизгенден кийин алсын;

- "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому жана "China National Heavy Machinery Corporation" кытайлык компаниясы менен үч тараптуу кепилдик келишимин түзсүн.

3. "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому каражаттарды так максаттуу багыты боюнча пайдалансын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.Жапаров