РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 19 января 2023 года №12-р (О помещении автотранспортного средства под таможенную процедуру отказа в пользу государства)

Редакцияот 19.01.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 19-январы № 12-т

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жана "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун арызынын негизинде 2014-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын көлөмү 1968 см3, кузовунун (шасси) № WYGZZZ5NZFW055229, ак түстөгү "Фольксваген Тигуан" (Volkswagen Tiguan) маркасындагы автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажылык жол-жобосуна жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын оперативдүү башкарууга кабыл алсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 А.У.Жапаров