РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 3-р «Об одобрении проекта Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Великого Герцогства Люксембург о воздушном сообщении»

Редакцияот 13.01.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 13-январы № 3-т

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Люксембург Улуу Герцогдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директоруна жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У.Жапаров

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Люксембург Улуу Герцогдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Люксембург Улуу Герцогдугунун Өкмөтү, мындан ары жекече "Макулдашуучу Тарап" жана биргелешип "Макулдашуучу Тараптар" деп аталып;

1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын катышуучулары болуп;

Кыргыз Республикасы менен Люксембург Улуу Герцогдугунун ортосунда аба катнашын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү каалап,

төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

1-берене. Аныктамалар

 

Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн, эгерде контекст башканы талап кылбаса:

а) "авиациялык бийлик" Кыргыз Республикасына карата -Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигин жана Люксембург Улуу Герцогдугуна карата - жарандык авиацияга жоопкерчиликтүү министрлигин же эки учурда тең аты аталган бийликтер тарабынан азыркы учурда аткарылып жаткан бардык функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу башка жакты же органды билдирет;

б) "келишимдик аба линиялары" жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны өзүнчө же бириктирип ташуу үчүн ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн маршруттар боюнча дайыма аба аркылуу ташууларды билдирет;

в) "Макулдашуу" ушул Макулдашууну, анын тиркемесин жана ага киргизилген бардык оңдоолорду билдирет;

г) "Конвенция" 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны билдирет жана бул Конвенциянын 90-беренесине ылайык кабыл алынган каалаган Тиркемени жана 90 жана 94-беренелерге ылайык бул Тиркемелер жана оңдоолор кабыл алынган жана Тараптардын экөө тең ратификациялаган деңгээлде Тиркемелерге же Конвенцияга оңдоолорду камтыйт;

д) "дайындалган авиаишкана" ушул Макулдашуунун 3-беренесине ылайык дайындалган же ыйгарым укуктуу авиаишкананы билдирет;

е) "тариф" жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктү ташуу үчүн алынуучу аткарылган иштердин же көрсөтүлгөн кызматтардын наркынын акчалай берилишин, ошондой эле бул баалар колдонулуучу шарттарды, почтаны ташуу үчүн төлөмдөрдөн жана шарттардан тышкары, агенттиктер жана башка көмөкчү кызматтар үчүн бааларды кошуп билдирет;

ж) "аба катнашы", "эл аралык аба катнашы", "авиаишкана" жана "коммерциялык эмес максаттар менен токтотуу" Конвенциянын 96-беренесинде бул терминдер үчүн аныкталган маанилерге ээ;

з) "аймак" Конвенциянын 2-беренесинде бул термин үчүн аныкталган мааниге ээ.

2-берене. Ташууларга укук берүү

 

1. Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканасы тарабынан эл аралык аба катнашын жүзөгө ашыруу үчүн экинчи Макулдашуучу Тарапка төмөнкүдөй укуктарды берет:

а) экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагы аркылуу учууларды конуусуз жүзөгө ашыруу;

б) көрсөтүлгөн аймакта коммерциялык эмес максаттар менен конууларды аткаруу;

в) жүргүнчүлөр, жүк жана почта түрүндөгү эл аралык жүктөрдү өзүнчө же бириктирип бортко кабыл алуу же түшүрүү максатында Тиркемеде көрсөтүлгөн маршруттарды эксплуатациялоодо көрсөтүлгөн аймакта токтоп туруу.

2. Ушул Берененин 1-пунктундагы эч бир нерсе бир Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканасына экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагындагы башка белгиленген пунктка кетүүчү сыйлыкка же акы үчүн ташылуучу жүргүнчүлөрдү, жүктү жана почтаны ушул экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында бортко кабыл алуу укугун берүү катары каралбайт.

 

3-берене. Дайындоо жана уруксат берүү

 

1. Ар бир Макулдашуучу Тарап белгиленген маршруттар боюнча келишимдик линияларды эксплуатациялоо максатында экинчи Макулдашуучу Тарапка жазуу жүзүндө кабарлама жөнөтүү менен бир же бир нече авиаишканаларды дайындоого, ошондой эле мындай дайындоону жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуктуу.

2. Мындай дайындоо жөнүндө билдирүү алгандан кийин жана ушул Макулдашуунун 4-беренесинин жобосуна ылайык Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийлиги мүмкүн болушунча кыска мөөнөттөрдө бир же бир нече авиаишканаларга ушул авиаишкана аткарууга дайындалган келишимдик линияларды эксплуатациялоого тийиштүү уруксат бериши керек.

3. Мындай уруксаттарды алгандан кийин авиаишкана каалаган убакта ушул Макулдашуунун колдонуудагы жоболоруна ылайык келген, атап айтканда тарифтер ушул Макулдашуунун 10-беренесинин жоболоруна ылайык белгиленген шартта, авиаишкана келишимдик линияларды эксплуатациялоого толук же жарым-жартылай кирише алат.

 

4-берене. Уруксаттарды жокко чыгаруу жана аларды чектөө

 

1. Кыргыз Республикасынын авиациялык бийликтери Люксембург Улуу Герцогдугу дайындаган авиаишканага ушул Макулдашуунун 3-беренесинде айтылган уруксатты берүүдөн баш тартууга, ошондой эле мындай уруксаттарды убактылуу же мөөнөтсүз жокко чыгарууга, же токтото турууга, же төмөнкүдөй учурларда шарттарды коюуга укуктуу:

а) авиаишкана Люксембург Улуу Герцогдугунун аймагында Европа бирлигин түзүү жөнүндө келишимге ылайык уюштурулбаса, же Европа бирлигинин мыйзамдарына ылайык эксплуатациялоого жарактуу Лицензиясы жок болсо; же

б) авиаишканага натыйжалуу жөнгө салуу контролу жүргүзүлбөсө, же эксплуатанттын сертификатын берүүгө жооптуу Европа бирлигинин мүчө мамлекетине таандык эмес, же дайындоодо тийиштүү авиациялык бийлик так көрсөтүлбөсө; же

в) авиаишкана түздөн-түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу менчикте болбосо, же Европа бирлигине мүчө мамлекеттер же Европа эркин соода ассоциациясы жана/же мындай мамлекеттердин жарандары тарабынан натыйжасыз контролдонсо; же

г) аталган авиаишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана эрежелерин сактабаса; же

д) авиаишкана ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык келишимдик линияларды эксплуатациялоонун шарттарын кандайдыр бир башка жол менен сактабаса.

2. Люксембург Улуу Герцогдугунун авиациялык бийликтери Кыргыз Республикасы дайындаган авиаишканага ушул Макулдашуунун 3-беренесинде айтылган уруксатты берүүдөн баш тартууга, ошондой эле мындай уруксаттарды убактылуу же мөөнөтсүз жокко чыгарууга, же токтото турууга, же төмөнкүдөй учурларда шарттарды коюуга укуктуу:

а) авиаишкана Кыргыз Республикасынын аймагында уюштурулбаса же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык лицензияланбаса; же

б) авиаишканага натыйжалуу жөнгө салуу контролу жүргүзүлбөсө же Кыргыз Республикасына таандык болбосо; же

в) авиаишкана түздөн-түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу менчикте болбосо же Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан натыйжасыз контролдонсо; же

г) аталган авиаишкана Люксембург Улуу Герцогдугунун мыйзамдарын жана эрежелерин сактабаса; же

д) авиаишкана ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык келишимдик линияларды эксплуатациялоонун шарттарын кандайдыр бир башка жол менен сактабаса.

3. Жогоруда аталган мыйзамдарды жана эрежелерди бузууга жол бербөө үчүн кечиктирилгис аракеттер зарыл болгон учурларды кошпогондо, ушул Берененин 1 жана 2-пункттарында саналып өткөн укуктар ушул Макулдашуунун 18-беренесине ылайык экинчи Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери менен консультациялардан кийин гана жүзөгө ашырылат.

 

5-берене. Мыйзамдарды жана эрежелерди колдонуу

 

1. Бир Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин эл аралык аэронавигацияда иштеген аба кемелеринин аймакка келүүсүнө, аймакта болушуна, же анын аймагынан өтүүсүнө, же анын аймагында жайгашкан мындай аба кемелерин эксплуатациялоого жана навигациялоого тийиштүү мыйзамдары жана эрежелери эки Макулдашуучу Тараптын тең аба кемелерине карата колдонулууга тийиш, ошондой эле Макулдашуучу Тараптын аймагына келгенде, же кетип жатканда, же болгон убакта ушундай аба кемелери тарабынан сакталууга тийиш.

2. Бир Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин кирүүгө, учууга, транзитке, иммиграцияга, паспортторго, бажыга жана карантинге тиешелүү мыйзамдары жана эрежелери экинчи Макулдашуучу Тараптын авиаишканасы же авиаишканалары, ошондой эле экипаж, жүргүнчүлөр тарабынан жана ушул Макулдашуучу Тараптын аймагынан жана аймагына транзитинде, келүүдө, жөнөтүүдө жүктөргө жана почтага карата аткарылууга тийиш.

3. Макулдашуучу Тараптардын бири да өзүнүн иммиграциялык, бажылык, карантиндик жана ушул сыяктуу эрежелерди колдонууда ушундай эл аралык аба ташууларда иштеген экинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканасына салыштырмалуу өзүнүн же башка авиаишканага артыкчылык бербейт.

4. Каалаган Макулдашуучу Тараптын аймагы аркылуу түз транзит менен бара жаткан жана ушул максат үчүн арналган аэропорттун районунан чыкпаган жүргүнчүлөр, багаж жана жүк жөнөкөйлөштүрүлгөн контролдон өтүшөт. Түз транзит менен бара жаткан багаж жана жүк бажы алымдардан жана башка ушул сыяктуу салыктардан бошотулат.

 

6-берене. Сертификаттарды жана күбөлүктөрдү таануу

 

1. Берилген же ырасталган жана күчүндө калуучу учууга жарактуулук сертификаттары, квалификация жөнүндө күбөлүктөр жана күбөлүктөр экинчи Макулдашуучу Тарап тарабынан Тиркемеде аныкталган маршруттар боюнча келишимдик линияларды эксплуатациялоо максаттары үчүн мындай сертификаттар жана күбөлүктөр берилген же ырасталган жана Конвенцияда белгиленген стандарттарга ылайык келген шартта жарактуу деп таанылат. Ар бир Макулдашуучу Тарап өзүнүн аймагында учууларды аткаруу максатында экинчи Макулдашуучу Тарап тарабынан анын жарандарына берилген квалификация жөнүндө күбөлүктү жана күбөлүктү таануудан баш тартуу укугун өзүнө сактап калат.

2. Ар бир Макулдашуучу Тарап авиациялык тейлөө, учуу экипаждары, аба кемелери жана дайындалган авиаишканаларды эксплуатациялоо бөлүгүндө экинчи Макулдашуучу Тарап сактаган коопсуздук стандарттары менен байланыштуу консультацияларды сурай алат. Эгерде мындай консультацияларды жүргүзгөндөн кийин бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарапты Конвенцияга ылайык белгилениши мүмкүн болгон жок дегенде минималдуу стандарттарга ылайык келген бул жааттардагы коопсуздук ченемдерин жана талаптарын натыйжалуу сактоону жана колдонууну камсыз кылбайт деп эсептесе, экинчи Макулдашуучу Тарап бул тыянактар жана бул минималдуу стандарттарды сактоо зарылдыгы жөнүндө кабардар болууга тийиш, ал эми экинчи Макулдашуучу Тарап тиешелүү түзөтүүчү чараларды көрөт. Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарап тарабынан дайындалган авиаишкананын же авиаишканалардын эксплуатациялык уруксатын же техникалык уруксатын кечиктирүү, чакыртып алуу же чектөө укугун, эгерде экинчи Макулдашуучу Тарап мындай тиешелүү аракеттерди акылга сыярлык мөөнөттөрдө кылбаса, өзүнө калтырат.

 

7-берене. Авиациялык коопсуздук

 

1. Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн укуктарына жана милдеттенмелерине ылайык эл аралык укук боюнча жарандык авиациянын коопсуздугун мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоону камсыз кылуу боюнча алардын бири-бирине карата милдеттенмелери ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөрүн кайрадан ырасташат. Макулдашуучу Тараптар эл аралык укукка ылайык өздөрүнүн укуктарынын жана милдеттеринин жалпыга бирдей чектөөсүз, атап айтканда, 1963-жылдын 14-сентябрында Токио шаарында кол коюлган Аба кемелеринин бортунда жасалган кылмыштар жана башка аракеттер жөнүндө конвенциянын жоболоруна, 1970-жылдын 16-декабрында Гаага шаарында кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алууга каршы күрөшүү жөнүндө конвенциянын, ошондой эле 1971-жылдын 23-сентябрында Монреаль шаарында кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз актыларга каршы күрөшүү жөнүндө конвенциянын, 1988-жылдын 24-февралында Монреаль шаарында кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз актыларга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияны толуктаган Эл аралык жарандык авиацияны тейлеген аэропорттордогу мыйзамсыз зомбулук актыларына каршы күрөшүү жөнүндө протоколдун, ошондой эле 1991-жылдын 1-мартында Монреаль шаарында кол коюлган Пластикалык жардыргыч заттарды аныктоо максатында маркировкалоо жөнүндө конвенциянын жоболоруна, ошондой эле эки Макулдашуучу Тарапка тең милдеттүү болгон жарандык авиациянын коопсуздугун жөнгө салуучу ар кандай башка макулдашууга ылайык аракеттенет, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

2. Макулдашуучу Тараптар жарандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу актыларын жана бул аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын, аэропорттордун жана аэронавигациялык жабдуулардын коопсуздугуна каршы башка мыйзамсыз актыларды, ошондой эле жарандык авиациянын коопсуздугуна болгон башка бардык коркунучтарды болтурбоо үчүн суроо-талап боюнча бири-бирине бардык зарыл жардамды беришет.

3. Макулдашуучу Тараптар Жарандык авиациянын эл аралык уюму тарабынан белгиленген авиациялык коопсуздук боюнча жоболорго жана техникалык талаптарга жана Жарандык авиациянын эл аралык авиациясы жөнүндө конвенциянын Тиркемелери деп аталган жоболорго жана техникалык талаптарга ылайык авиациялык коопсуздук боюнча бул жоболор жана талаптар Макулдашуучу Тараптарга карата колдонула турган даражада аракеттенет. Макулдашуучу Тараптар алардын каттоосундагы аба кемелерин эксплуатанттардан же негизги иш орду же туруктуу турган жери алардын аймагында жайгашкан аба кемелерин эксплуатанттардан авиациялык коопсуздук боюнча ушундай жоболорго ылайык аракеттенүүсүн талап кылат.

4. Ар бир Макулдашуучу Тарап аба кемелеринин мындай эксплуатанттарына жогоруда 3-пунктта айтылган авиациялык коопсуздук боюнча ушул экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагына келгенде, андан чыкканда же келгенде экинчи Макулдашуучу Тарап талап кылган жоболорду сактоо жөнүндө талап коюлушу мүмкүн экендигине макул.

Ар бир Макулдашуучу Тарап аба кемесин коргоо жана жүргүнчүлөрдү, экипажды, кол жүктөрүн, багажды, жүктөрдү жана борттук запастарды анын бортуна отурганга же жүктөгөнгө чейин жана учурунда текшерүү үчүн өз аймагынын чегинде тиешелүү чараларды натыйжалуу колдонууга кепилдик берет. Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын конкреттүү коркунучка байланыштуу коопсуздуктун негиздүү атайын чараларын көрүү жөнүндө ар кандай өтүнүчүн да ниеттенип карайт.

5. Жарандык аба кемесин мыйзамсыз басып алуу же бул аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын, аэропорттордун же аэронавигациялык жабдуулардын коопсуздугуна каршы башка мыйзамсыз актылар менен инцидент же инцидент коркунучу болгон учурда Макулдашуучу Тараптар байланышты камсыз кылуу, ошондой эле мындай инцидентти же анын коркунучун тез жана коопсуз болтурбоого багытталган башка тиешелүү чаралар аркылуу бири-бирине жардам көрсөтүшөт.

6. Эгерде Макулдашуучу Тараптардын биринде ушул Берененин авиациялык коопсуздук жоболорун аткарууга карата көйгөйлөр болсо, Макулдашуучу Тараптардын кайсынысы болбосун авиациялык бийликтери экинчи Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери менен токтоосуз консультацияларды сурай алат.

 

8-берене. Бажы пошлиналары, салыктар жана жыйымдар

 

1. Ар бир Макулдашуучу Тарап мамлекеттин өзүнүн улуттук мыйзамдарына жана ал катышуучу болуп саналган мамлекеттин эл аралык келишимдерине ылайык экинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканасын импортко чектөөлөрдөн, бажы алымдарынан, салыктардан, товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди жасоо үчүн жыйымдардан жана аба кемелерине, отунга, майлоочу майларга, чыгымдалуучу техникалык запастарга, запастык бөлүктөргө, анын ичинде кыймылдаткычтарга, борттук комплекттик жабдууларга, борт шаймандарына (анын ичинде суюктукка, учуу учурунда жүргүнчүлөргө чектелген санда сатуу үчүн арналган тамеки жана башка продукттар) жана келишимдик линияларды эксплуатациялоочу экинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканасы же авиаишканалары тарабынан аба кемелерин эксплуатациялоого жана тейлөөгө байланыштуу гана пайдалануу үчүн арналган же пайдаланылуучу башка предметтерге башка мамлекеттик жыйымдардан бошотот.

2. Ушул Берененин күчү менен берилүүчү бошотуулар ушул Берененин 1-пунктунда айтылган төмөнкүдөй предметтерге карата колдонулат:

а) бир Макулдашуучу Тараптын аймагына экинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканасы же авиаишканалары тарабынан алынып келинүүчү;

б) бир Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканасынын же авиаишканаларынын аба кемесинин бортундагы экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагына келгенде же ал аймактан чыгып кеткенде;

в) дайындалган авиаишкананын же бир Макулдашуучу Тараптын экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагындагы авиаишканаларынын аба кемесинин бортуна кабыл алынган жана келишимдик линияларды эксплуатациялоодо пайдалануу үчүн арналган;

мындай предметтер толугу менен бошотууну берүүчү Макулдашуучу Тараптын аймагынын чегинде пайдаланылганына же чыгымдалганына карабастан, мындай предметтерге менчик укугу аталган Макулдашуучу Тараптын аймагында өтпөгөн шартта.

3. Макулдашуучу Тараптардын кайсынысынын болбосун дайындалган авиаишканасы же авиаишканаларынын аба кемесинин бортундагы комплекттелген борттук жабдуулар, ошондой эле материалдар жана запастар экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагына ошол аймактын бажы органдарынын макулдугу менен гана түшүрүлүшү мүмкүн. Мындай учурда ушул товарлар Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин бажы мыйзамдарына ылайык реэкспорттолгонго же башкача түрдө пайдаланылганга чейин бажы контролунда болот.

 

9-берене. Ташуу сыйымдуулугу

 

1. Макулдашуучу Тараптардын дайындалган авиаишканалары ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн келишимдик линияларды эксплуатациялоонун адилеттүү жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

2. Ар бир дайындалган авиаишканага берилген сыйымдуулук авиаишканага келишимдик линияларды эксплуатациялоону акылга сыярлык деңгээлде аткарууга мүмкүндүк бергендей болушу керек, ал авиаишкананын учууларды эксплуатациялоо боюнча талаптарын толук эске алат.

3. Макулдашуучу Тараптардын бири да ушул Макулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн маршруттардын кайсынысы болбосун учууларга байланыштуу пайдаланылуучу аба кемелеринин сыйымдуулугуна, жыштыгына же тибине карата экинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканасына же авиаишканаларына бир тараптуу тартипте кандайдыр бир чектөөлөрдү коё албайт. Эгерде Макулдашуучу Тараптардын бири экинчи Макулдашуучу Тараптын авиаишканасы сунуш кылган же аткарып жаткан эксплуатация анын дайындалган авиаишканалары берген келишимдик линияларга ашыкча таасир этет деп эсептесе, ал ушул Макулдашуунун 14-беренесине ылайык консультация сурай алат.

 

10-берене. Тарифтер

 

1. Ар бир Макулдашуучу Тарап рыноктогу экономикалык максатка ылайыктуулугуна жараша ар бир дайындалган авиаишканага аба ташууларына бааларды белгилөөгө мүмкүндүк берет. Макулдашуучу Тараптардын кийлигишүүсүнө төмөнкү максаттарда жол берилет:

а) бааларды экономикалык жактан негизсиз жогорулатууну (төмөндөтүүнү) же басмырлоочу бааларды жана аракеттерди болтурбоо;

б) керектөөчүлөрдү монополиялык жогорку жана/же төмөн баалардан же басмырлоочу баалардан жана рынокто үстөмдүк кылуучу абалды кыянаттык менен пайдалануунун натыйжасында атаандаштыкты чектөөгө багытталган аракеттерден коргоо;

в) бир Макулдашуучу Тараптын авиаишканаларын түз же кыйыр мамлекеттик субсидиялоо же колдоо менен байланышкан билеттерге жасалма төмөндөтүлгөн баалардан коргоо.

2. Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын авиаишканалары тарабынан анын аймагында алуу сунуш кылынган бааларды билдирүүнү же өзүнүн авиациялык бийликтерине берүүнү талап кыла алат. Эки Макулдашуучу Тараптын тең авиаишканалары тарабынан кабарлоо же кайрылуу күчүнө кирүү болжолдонгон датасына чейин 30 күндөн ашпаган мөөнөттө жасалышы керек. Айрым учурларда адатта талап кылынгандан кечирээк билдирүүгө же кайрылууга уруксат берилет.

3. Макулдашуучу Тараптардын бири да Макулдашуучу Тараптардын кайсы биринин авиаишканасы же Макулдашуучу Тараптардын аймактарынын ортосундагы эл аралык аба ташуулары үчүн үчүнчү өлкөнүн авиаишканасы (а) же экинчи Макулдашуучу Тараптын же башка өлкөнүн аймагынын ортосундагы эл аралык аба ташуулары үчүн, анын ичинде линиялар аралык же линиялар ичиндеги ташуулардын эки учурунда тең үчүнчү өлкөнүн авиаишканасы (Ь) тарабынан алынуучу же алуу үчүн сунушталган бааны киргизүүгө же сактоого тоскоолдук кылуучу бир тараптуу аракеттерди жасай албайт.

Эгерде кайсы бир Макулдашуучу Тарап мындай кайсы болбосун баа ушул Берененин 1-пунктунда баяндалган маселеге туура келбейт деп эсептесе, ал консультацияларды сурайт жана экинчи Макулдашуучу Тарапка анын канааттанбагандыгынын себептери жөнүндө мүмкүн болушунча эртерээк кабарлайт. Бул консультациялар суроо-талапты алгандан кийин 30 күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт жана тараптар маселени негиздүү чечүү үчүн зарыл болгон маалымат менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүшү керек. Эгерде Макулдашуучу Тараптар канааттанбагандыгы жөнүндө билдирүү алынган баага карата макулдашууга жетишсе, ар бир Макулдашуучу Тарап бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн бардык күч-аракетин жумшоого тийиш. Өз ара макулдашуу болбосо, бул баа күчүнө кириши же иштей бериши керек.

4. Ушул Берененин (3) пунктуна карабастан, ар бир Макулдашуучу Тарап төмөнкүлөргө уруксат берет:

(а) экинчи Макулдашуучу Тараптын кайсы болбосун авиаишканасына (же үчүнчү өлкөнүн кайсы болбосун авиаишканасына) Макулдашуучу Тараптардын аймактарынын ортосундагы эл аралык аба ташуулары үчүн кайсы болбосун башка авиаишканалар сунуштаган же алган атаандаштык бааны камсыз кылууга; жана

(b) бир Макулдашуучу Тараптын кайсы болбосун авиаишканасына экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагы менен үчүнчү өлкөнүн ортосундагы эл аралык аба ташуулары үчүн кайсы болбосун башка авиаишканалар тарабынан сунушталган же алынуучу атаандаштык бааны камсыз кылуу үчүн. Бул жерде колдонулган "камсыз кылуу" термини талап кылынышы мүмкүн болгон тездетилген жол-жоболорду колдонуу менен өз убагында орнотуу укугун билдирет, алар каттамга, эки тарапка учуу талаптарына, рейстердин кошулушуна, тейлөө тибине же аба кемесинин тибине байланыштуу шарттардагы айырмачылыктарга карабастан, түз, линиялар аралык же ички линиялык негиздеги баа менен бирдей же окшош болгон; же бааларды аралаштыруунун эсебинен мындай бааны.

5. Ушул Берененин 1, 2, 3 жана 4-пункттарынын жоболоруна карабастан, Европа бирлигинин чегинде ташуу үчүн Кыргыз Республикасынын дайындалган авиаишканасы (авиаишканалары) тарабынан алынуучу тарифтер бүтүндөй Европа бирлигинин мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

11-берене. Авиаишканалардын өкүлчүлүктөрү

 

1. Бир Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканасына же авиаишканаларына экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагына өз өкүлдөрүн, ошондой эле келишимдик линияларды эксплуатациялоого байланыштуу зарыл болгон коммерциялык, эксплуатациялык жана техникалык персоналды өз ара негизде киргизүүгө жана күтүүгө уруксат берилет.

2. Персоналга болгон мындай муктаждыктар бир Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканасынын же авиаишканаларынын каалоосу боюнча өзүнүн персоналынын эсебинен же экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында иштеп жаткан жана ушул Макулдашуучу Тараптын аймагында мындай кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укук берилген ар кандай башка уюмдун, компаниянын же авиаишкананын кызматтарын пайдалануу жолу менен канааттандырылышы мүмкүн.

3. Өкүлдөр жана персонал экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин колдонуудагы мыйзамдарына жана эрежелерине баш иет жана мындай мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык ар бир Макулдашуучу Тарап өз ара мамилесинин негизинде жана минималдуу кечигүү менен ушул Берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өкүлдөргө жана кызматкерлерге жумушка зарыл болгон уруксаттарды, мейман визаларын же башка ушул сыяктуу документтерди берет.

 

12-берене. Коммерциялык мүмкүнчүлүктөр жана акча каражаттарын которуу

 

1. Ар бир Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканасы экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында аба аркылуу ташуу кызматтарын түздөн-түз жана авиаишкананын каалоосу боюнча өзүнүн агенттери аркылуу сата алат. Ар бир авиаишкана ташуунун мындай түрүн ошол мамлекеттин валютасында же ошол мамлекеттин улуттук мыйзамдары уруксат берген көлөмдө эркин конвертациялануучу валютада сатууга укуктуу, ошондой эле кайсы жак болбосун мындай ташууну авиаишкана сатуу үчүн белгилеген валютада эркин сатып алууга укуктуу.

2. Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын кайсы болбосун дайындалган авиаишканасына жүргүнчүлөрдү, почтаны жана жүктөрдү ташууга байланыштуу ушул авиаишкананын аймагында алган чыгымдарынан кирешелери ашкан учурда расмий алмашуу курсу боюнча эркин которуу укугун берет.

13-берене. Ак ниет атаандаштык

 

1. Ар бир дайындалган авиаишкана (авиаишканалар) ушул Макулдашуу менен жөнгө салынуучу эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашырууда атаандаштык үчүн Макулдашуучу Тараптардын атаандаштык жөнүндө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык адилеттүү шарттарга ээ болууга тийиш.

2. Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканасынын атаандашуу абалына терс таасирин тийгизген басмырлоонун бардык формаларын же кара ниет атаандаштык практикасын четтетүү үчүн өзүнүн юрисдикциясынын алкагында бардык зарыл болгон чараларды колдонууга тийиш.

3. Макулдашуучу Тараптардын бири да өзү дайындаган авиаишкана (авиаишканалар) тарабынан рынок бийлигин кыянаттык менен пайдаланууга жол бербеши керек, ал кайсы болбосун башка авиаишкана (авиаишканалар) менен биригип, же атаандашын алсыратып, же маршруттан четтетип коюшу мүмкүн.

 

14-берене. Биргелешкен келишимдер

 

1. Келишимдик аба линияларын эксплуатациялоого зарыл уруксаттарга ээ болгон ар бир Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканалары көрсөтүлгөн маршруттар боюнча же бул маршруттардын кайсы болбосун участокторунда код-шеринг, блок-орун, биргелешкен ишкана же башка кызматташуу ыкмалары сыяктуу төмөнкүлөр менен кызматташуунун ар кандай механизмдери аркылуу келишимдик линияларды ишке ашырууга жана/же сунуштоого укуктуу:

а) бир Макулдашуучу Тараптын авиаишканасы же авиаишканалары менен, же

б) экинчи Макулдашуучу Тараптын авиаишканасы же авиаишканалары менен, же

в) үчүнчү өлкөлөрдүн авиаишканасы же авиаишканалары менен;

мындай авиаишканалар маршруттарды жана тиешелүү участокторду эксплуатациялоо үчүн тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ болгон шартта.

 

15-берене. Аралаш ташуулар

 

1. Ушул Макулдашуунун башка бардык жоболоруна карабастан, эки Макулдашуучу Тараптын авиаишканаларына жана жүк ташуунун кыйыр өндүрүүчүлөрүнө Макулдашуучу Тараптардын аймагындагы пункттарга же үчүнчү өлкөлөргө жүк ташуу үчүн арналган жерде жүрүүчү транспорттун кандай гана болбосун каражаттарын, анын ичинде бажы органдары бар бардык аэропортторго ташууну жана тиешелүү учурларда мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык бажы кампасында турган жүктү ташууга укукту эч кандай чектөөсүз колдонууга уруксат берилет. Мындай жүк жер үстүндөгү же аба транспорту менен ташылганына карабастан, аэропортто бажы жагынан таризделишине жана бажы каражаттарына жол берилет. Авиаишканалар жерде ташууну өз алдынча аткара алат же башка авиаишканалар жана кыйыр жүк ташууну өндүрүүчүлөр тарабынан ишке ашырылуучу жерде ташууну кошкондо, жерде ташуучулар менен макулдашууларды түзүү аркылуу камсыздай алат. Мындай аралаш жүк ташуулар бириктирилген аба жана жер үстүндөгү ташуу үчүн, эгерде жүк жөнөтүүчүлөр мындай ташууга тийиштүү фактылар боюнча жаңылышпаган шартта, бирдиктүү жалпы баада сунушталышы мүмкүн.

 

16-берене. Пайдалануучулардан алынган жыйымдар

 

1. Ар бир аэропортту, анын ичинде анын орнотмолорун, техникалык жана башка жабдууларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалангандыгы үчүн алым жана башка жыйымдар, ошондой эле аэронавигациялык каражаттарды, байланыш каражаттарын жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалангандыгы үчүн ар кандай жыйымдар ар бир Макулдашуучу Тарап белгилеген тарифтерге жана ставкаларга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.

2. Бир Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканасы же авиаишканалары экинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиаишканасына же авиаишканаларына жана/же экинчи Макулдашуучу Тараптын орнотмолорун жана кызматтарын пайдалангандыгы үчүн ушундай эле эл аралык аба линияларын эксплуатациялаган башка ар кандай чет өлкөлүк авиаишканаларына белгиленгенден жогору алымдарды төлөбөйт.

 

17-берене. Статистика

 

1. Ар бир Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери экинчи Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтерине суроо-талап боюнча мезгилдүү же башка статистикалык отчетторду берет, алар келишимдик линияларда берилген сыйымдуулукка талдоо жүргүзүү максатында негиздүү талап кылынышы мүмкүн.

 

18-берене. Консультациялар

 

1. Тыгыз кызматташуу духунда Макулдашуучу Тараптардын авиациялык бийликтери ушул Макулдашуунун жана анын тиркемесинин жоболорунун аткарылышын жана канааттандырарлык сакталышын камсыз кылуу максатында мезгил-мезгили менен бири-бири менен кеңешип, ушул Макулдашууга түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн зарыл болгон учурда консультацияларды жүргүзүп турушат.

2. Ар бир Макулдашуучу Тарап ушул Макулдашуунун жоболорунун аткарылышын жана канааттандырарлык сакталышын камсыз кылуу максатында кайсы убакта болбосун экинчи Макулдашуучу Тарап менен консультацияларды жүргүзүүнү сурай алат. Мындай консультациялар мындай суроо-талапты алган күндөн тартып 60 (алтымыш) күндүн ичинде башталат.

 

19-берене. Талаш-тартыштарды чечүү

 

1. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана ишке ашырууда талаш-тартыштар пайда болгон учурда алар Макулдашуучу Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечилет.

2. Эгерде Макулдашуучу Тараптар сүйлөшүүлөр аркылуу макулдашууга жетишпесе, анда талаш-тартыш ар бир Макулдашуучу Тараптын талабы боюнча үч арбитрдин сотуна чечүү үчүн берилет - ар бир Макулдашуучу Тарап көрсөткөн бирден арбитр, ал эми үчүнчүсү ушул көрсөтүлгөн эки арбитр тарабынан дайындалат. Макулдашуучу Тараптардын ар бири кайсы болбосун Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптан дипломатиялык каналдар боюнча билдирүүнү алган күндөн тартып алтымыш (60) күндүн ичинде арбитрди дайындайт, ал эми үчүнчү арбитр кийинки алтымыш (60) күндүн ичинде дайындалат.

3. Эгерде Макулдашуучу Тараптардын кайсынысы болбосун көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде арбитрди дайындабаса, Жарандык авиация эл аралык уюмунун Кеңешинин Президенти кайсы болбосун Макулдашуучу Тараптын өтүнүчү боюнча учурдун талабына ылайык арбитрди же арбитрлерди дайындай алат.

4. Бардык учурларда үчүнчү арбитр үчүнчү мамлекеттин жараны болуп саналат жана арбитраждык соттун Президенти катары чыга алат. Арбитраждык сот өз чечимин көпчүлүк добуш менен кабыл алат. Бардык башка мамилелерде арбитраждык сот өзүнүн жол-жобосун аныктайт.

5. Макулдашуучу Тараптар ушул Берененин 2-пунктуна ылайык кабыл алынган бардык чечимдерди аткарууга милдеттенет.

 

20-берене. Макулдашууга оңдоолор

 

1. Эгерде Макулдашуучу Тараптардын кайсы бири ушул Макулдашуунун кайсы бир жобосуна өзгөртүү киргизүүнү зарыл деп тапса, ал экинчи Макулдашуучу Тарап менен консультацияларды талап кыла алат. Мындай консультациялар авиациялык бийликтердин ортосунда талкуулоо же кат алышуу жолу менен жүргүзүлөт жана эгерде Макулдашуучу Тараптардын экөө тең бул мөөнөттү узартууга макул болбосо, суроо-талап болгон күндөн тартып алтымыш (60) күндүн ичинде башталат. Ушул Макулдашууга карата кандай болбосун оңдоолор жана толуктоолор ички мыйзам чыгаруу жол-жоболору аяктагандыгын ырастаган акыркы дипломатиялык нотаны алган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Эгерде оңдоолор Макулдашуунун Тиркемесине гана тийиштүү болсо, анда эки Макулдашуучу Тараптын тең авиациялык бийликтеринин ортосунда тиешелүү консультациялар жүргүзүлөт жана мындай оңдоолор акыркы дипломатиялык нотаны алган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

21-берене. Ар тараптуу макулдашуулар

 

Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттери катышуучулар болуп саналган аба аркылуу ташууларга карата эл аралык келишим күчүнө кирген учурда ушул Макулдашуу мындай эл аралык келишимге ылайык келүү максатында өзгөртүлөт.

 

22-берене. Макулдашуунун иш-аракетин токтотуу

 

Кайсы болбосун Макулдашуучу Тарап кайсы убакта болбосун экинчи Макулдашуучу Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө өзүнүн чечими жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлай алат. Кабарлоонун көчүрмөсү бир эле убакта Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун Башкы катчысына жиберилет. Эгерде мындай кабарлоо берилсе, анда ушул Макулдашуунун колдонулушу экинчи Макулдашуучу Тарап токтотуу жөнүндө кабарлоону алган күндөн кийин 12 (он эки) айдан кийин токтотулат, буга Макулдашуучу Тараптардын ортосунда макулдашуу аркылуу бул мөөнөт аяктаганга чейин кабарлама сунушка ылайык чакыртылып алынбаса кирбейт. Экинчи Макулдашуучу Тарап кабарлоону алгандыгы жөнүндө ырастоосу жок болгон учурда Жарандык авиация эл аралык уюмунун Башкы катчысы анын токтотулгандыгы жөнүндө көчүрмөсүн алган күндөн кийин 14 (он төрт) күндөн кийин кабарлама алынды деп эсептелет.

 

23-берене. Каттоо

 

Бул Макулдашуу жана ага бардык оңдоолор Жарандык авиация эл аралык уюмунда катталат.

 

24-берене. Күчүнө кириши

 

Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Макулдашуучу Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.

Муну ырастоо үчүн төмөндө кол койгондор, Министрлер Кабинети жана өз мамлекеттеринин Өкмөтү тарабынан тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилгендер, ушул Макулдашууга кол койду.

 

____________________ шаарында 20___-жылдын "____" _______________ ар бири кыргыз, орус, француз жана англис тилдеринде эки нускада жасалды, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылык кылат.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн

 

Люксембург Улуу Герцогдугунун Өкмөтү үчүн

 

 

 

Тиркеме

МАРШРУТТАР ТАБЛИЦАСЫ

Кыргыз Республикасынын дайындалган авиаишканасы/авиаишканалары тарабынан эксплуатациялануучу маршруттар:

Кыргыз Республикасындагы пункттар

Аралыктагы пункттар

Люксембург Улуу Герцогдугу

Чектен тышкары пункттар

 

 

 

 

Люксембург Улуу Герцогдугунун дайындалган авиаишканасы/авиаишканалары тарабынан эксплуатациялануучу маршруттар:

Люксембург Улуу Герцогдугу

Аралыктагы пункттар

Кыргыз Республикасындагы пункттар

Чектен тышкары пункттар

 

 

 

 

 

1. Кайсы болбосун аралыктагы жана/же чектен тышкары пункттар дайындалган эки Макулдашуучу Тараптын тең авиаишканасы же авиаишканалары тарабынан бешинчи аба эркиндигине укукту жүзөгө ашырбастан тейлениши мүмкүн.

2. Бешинчи аба эркиндигине укукту жүзөгө ашырууну эки Макулдашуучу Тараптын тең авиациялык бийликтери макулдашуусу мүмкүн.

3. Макулдашуучу Тараптардын дайындалган авиаишканасы же авиаишканалары кайсы болбосун же бардык учууларды аткарууда авиаишкананы же авиаишканаларды дайындаган Макулдашуучу Тараптын аймагындагы пункттарда маршрутта аба катнашын ишке ашыруу башталган же аяктаган шартта маршруттун жогоруда көрсөтүлгөн пункттарынын кайсы бирин өткөрүп жибериши мүмкүн.