Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 10 февраля 2023 сода N 39-р (О согласии с проектом Меморандума о взаимопонимании между Министерством природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики и Министерством энергетики Венгрии о сотрудничестве в области охраны окружающей среды)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 10-февралы № 39-т
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Венгриянын Энергетика министрлигинин ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Венгриянын Энергетика министрлигинин ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Венгриянын Энергетика министрлиги;
экологиялык проблемалардын глобалдык мүнөзүн эске алуу менен жана айлана-чөйрөнү сактоо жана ден соолукту чыңдоо үчүн өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүү менен;
азыркы жана келечек муундар үчүн айлана-чөйрөнү коргоонун жана абалын жакшыртуунун маанисин түшүнүү менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулуу менен;
эл аралык жаратылышты коргоо кызматташтыгы жаатында топтолгон тажрыйбаны көңүлгө алуу менен;
айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылыш ресурстарын сактоонун илимий, техникалык жана технологиялык аспекттер боюнча тыгыз кызматташуунун зарылдыгын белгилөө менен;
Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган айлана-чөйрөнү коргоо жаатында эл аралык келишимдердин жоболоруна негизденүү менен;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгриянын Өкмөтүнүн ортосунда 2017-жылдын 11-июлунда кол коюлган Экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун негизинде;
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык туруктуу өнүгүүнүн максаттарын жана принциптерин жетекчиликке алып, тең укуктуулуктун жана өз ара пайданын негизинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташат.
2-берене.
Кызматташтык төмөнкүдөй багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:
1) айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү;
2) атмосфералык абаны коргоо жана зыяндуу чыгындыларды кыскартуу;
3) калдыктарды башкаруу, тиричилик калдыктарын кайра иштетүү;
4) айлана-чөйрөгө таасирине баалоо, экологиялык экспертиза жана аудит жүргүзүү;
5) айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ченемдөө, стандартташтыруу жана сертификаттоо;
6) Тараптардын компетенциясынын алкагында экологиялык коопсуздук;
7) климаттын өзгөрүшү, адаптациялоо жана митигациялоо боюнча адистердин жана эксперттердин кадрдык жана техникалык потенциалын жогорулатуу;
8) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жагындагы илимий изилдөөлөр;
9) айлана-чөйрөнү коргоо жаатында билим берүү жана агартуу, жаратылыш байлыктары жана аларды коргоо менен таанышуу максатында экологиялык туризмди өнүктүрүүнү колдоо.
3-берене.
Кызматташуу төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) кызматташуунун биргелешкен программаларын, ушул Меморандумдун 2-беренесинде көрсөтүлгөн багыттар боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
2) кеңешмелерди, конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды өткөрүү, биргелешкен материалдарды, макалаларды жана монографияларды жарыялоо, айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө улуттук докладдар, башка зарыл ачык маалыматтар менен алмашуу;
3) таанышуу, илимий жана окуу максаттарында жаратылышты коргоо ишинин ар кандай багыттарында окумуштууларды жана адистерди алмашуу;
4) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды, ченемдик-техникалык жана методикалык документтерди, илимий-техникалык адабияттарды, башка маалыматтарды алмашуу;
5) Кыргыз Республикасында жана Венгрияда өткөрүлүүчү эл аралык иш-чараларга эки Тараптын тең адистеринин катышуусу;
6) жаратылышты коргоо боюнча илимий-практикалык изилдөөлөрдү, биргелешкен экспедицияларды жүргүзүү.
Кызматташтык Тараптар макулдашкан башка формаларда да жүргүзүлүшү мүмкүн.
4-берене.
Ушул Меморандум күчүнө киргенден кийин ар бир Тарап Улуттук координаторду дайындайт, ал ушул Меморандумдун алкагында кызматташуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн жооптуу болот. Тараптар дайындалган Улуттук координатор жөнүндө бири-бирине билдирет.
Тараптар башка Тарапка каалаган убакта жазуу жүзүндөгү кабарлоо менен Улуттук координатордун орун басарын дайындай алат.
Тараптардын улуттук координаторлору ушул Меморандумдун 2-беренесинде каралган багыттар боюнча конкреттүү иш-чараларды камтыган ар жылдык Жумушчу программаларды даярдайт.
Өз ара макулдашуу боюнча Тараптардын Улуттук координаторлору жогоруда саналган иш-чараларды талкуулоо же айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташууга тиешелүү башка маселелерди кароо үчүн каалаган убакта жолуга алат.
5-берене.
Тараптар мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык иши айлана-чөйрөнү коргоо менен байланышкан уюмдардын ортосундагы тыгыз байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Тараптар ушул Меморандумдун негизинде түзүлгөн келишимдердин алкагында ушул беренеде көрсөтүлгөн субъекттердин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
6-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга карата Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет.
7-берене.
Ушул Меморандум Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
8-берене.
Бул Меморандум ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бири башка Тарапка ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө ушул Меморандумдун колдонуу мөөнөтү аяктоонун болжолдуу датасына чейин кеминде алты ай калганда билдирмейинче колдонулат.
20___-жылдын "_____"_________ ____________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус, венгер жана англис тилдеринде жасалган, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө талаш-тартыштар же пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги үчүн |
| Венгриянын Энергетика министрлиги үчүн |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |