РаспоряжениеДействует

РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРЕДСЕДАТЕЛЯ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 27 февраля 2023 года № 100 (Об утверждении состава рабочей группы Правительственной делегации Кыргызской Республики по вопросам демаркации кыргызско-узбекской государственной границы)

Редакцияот 27.02.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

 

2023-жылдын 27-февралы № 100

 

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун курамы (мындан ары - Өкмөттүк делегациянын жумушчу тобу) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Өкмөттүк делегациянын жумушчу тобу 2023-жылдын 1-мартынан тартып 7-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарына жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жогоруда аталган биргелешкен жолугушууну уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.

4. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрилер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун КУРАМЫ

Борубаев Назирбек Нарматович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, жумушчу топтун жетекчиси;

Мырзаев Абдулат Абдираимович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору;

Акматов Мамасалы Такабаевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Мусурманкупов Жанышбек Жусупович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн эксперти;

Сарыбаев Эрмек Адылбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;

Надырбеков Мелис Шадыбекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн начальниги;

Сатиев Уланбек Кошбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын чек араны кайтаруу бөлүмүнүн начальниги;

Толеев Ардак Азизбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары;

Максатов Улан Кубанович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Биринчи саясий департаментинин атташеси;

Кебекбаев Калыбек Касеинович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;

Эргешов Абдиназар Мамытович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;

Шаршеев Талгат Талантбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Абдикадиров Жунусали Джакыналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын директору;

Маматов Жаныбек Ибраимович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын директору.