Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 10 февраля 2023 года № 44-р (О согласии с проектом Меморандума о взаимопонимании между Генеральной прокуратурой Кыргызской Республики и Федеральным бюро расследований Министерства юстиции Соединенных Штатов Америки)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 10-февралы № 44-т
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Америка Кошмо Штаттарынын Юстиция министрлигинин Федералдык тергөө бюросунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Америка Кошмо Штаттарынын Юстиция министрлигинин
Федералдык тергөө бюросунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Америка Кошмо Штаттарынын Юстиция министрлигинин Федералдык тергөө бюросу,
эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин жетекчиликке алып,
кылмыштуулукка каршы күрөшүү, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерди коргоо жаатында өз ара кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн түшүнүү менен,
Тараптардын ар бири өз компетенциясынын чегинде төмөнкүдөй макулдашууларга жетишти:
1-берене
Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына жана Тараптардын мамлекеттери катышуучу болгон эл аралык келишимдерге ылайык өз компетенциясынын чегинде аракеттенүү менен ушул Меморандумга ылайык кызматташат.
2-берене
Тараптар колдонуудагы улуттук мыйзамдар, мыйзам чыгаруу иши жана укук колдонуу практикасы, анын ичинде улуттук мыйзамдарга ылайык тергөө методдору жөнүндө маалымат алмашуу түрүндө кызматташууга ниеттенүүдө. Тараптар, ар бир Тарап ошого карабастан өзүнүн улуттук мыйзамдарына жана эрежелерине баш ийерин түшүнүшөт жана ушул Меморандумда бир дагы нерсе Тараптын мындай кызматташтыкты, маалымат алмашууну же окутууну жөнгө салуучу өзүнүн улуттук мыйзамдарын же эрежелерин бузуу талабы катары чечмеленбеши керек.
3-берене
Ушул Меморандумдун 1 жана 2-беренелеринин жоболорун ишке ашыруу максатында Тараптардын кызматташтыгы төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
- Тараптардын иши жөнүндө, анын ичинде кылмыштуулуктун тенденциялары, адам укуктарын, жарандык укуктарды жана эркиндиктерди коргоо чөйрөсүндө маалымат алмашуу;
- тренингдерди, таанышуу сапарларын жана стажировкаларды өткөрүү жолу менен иш тажрыйбасы, анын ичинде экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштерин иликтөө методдору менен алмашуу;
- жеке жана юридикалык жактардын арыздарын жана кайрылууларын кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга жардам берүү.
4-берене
1. Бул Меморандумдун алкагында кызматташуу кызыкдар болгон Тараптан көмөк көрсөтүү жөнүндө расмий жазуу жүзүндөгү суроо-талаптардын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Суроо-талапка сураган Тараптын жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу адамы кол коёт.
3. Суроо-талап жазуу жүзүндө жөнөтүлөт, кечиктирилгис учурларда ал техникалык каражаттарды (факсимилдик байланыш же электрондук почта) пайдалануу менен берилиши мүмкүн, андан кийин расмий байланыш каналдары боюнча суроо-талаптын түп нускасы жөнөтүлөт.
5-берене
1. Ушул Меморандумдун алкагында Тараптардын кызматташтыгы боюнча чараларды координациялоо Тараптардын төмөнкүдөй түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлөт, алар бири-бири менен түздөн-түз байланыша алат:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан - эл аралык-укуктук кызматташтык башкармалыгы:
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Токтоналиев көч., 139.
Тел.: ________________________________
Факс: ________________________________
Электрондук почта: ____________________
Америка Кошмо Штаттарынын Федералдык тергөө бюросу тарабынан - Казакстан Республикасынын Астана шаарындагы Борбордук Азиядагы укуктук маселелер боюнча атташе, Америка Кошмо Штаттарынын Федералдык тергөө бюросунун өкүлү:
Казакстан Республикасы, Астана ш.
Дареги: ______________________________
Тел.: ________________________________
Факс: ________________________________
Электрондук почта: ____________________
2. Жогоруда аталган түзүмдүк бөлүмдөр же алардын байланыш маалыматтары өзгөргөн учурда Тараптар бул тууралуу бири-бирине токтоосуз кабарлашат.
6-берене
Эгерде суратылуучу Тарап суроо-талаптын аткарылышы анын мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна же башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн же улуттук мыйзамдарына же анын мамлекетинин эл аралык милдеттенмелерине каршы келет деп эсептесе, суроо-талапты аткаруудан толугу менен же жарым-жартылай баш тартышы мүмкүн. Сураган Тарапка мындай баш тартуунун себептери жөнүндө жазуу жүзүндө билдирилет.
7-берене
Бул Меморандумдун алкагында берилген маалыматтар жана материалдар бардык Тараптарга жеткиликтүү болушу үчүн суроо-талаптын демилгечиси тарабынан орус жана англис тилдерине которулушу керек.
8-берене
Бул Меморандум Тараптарга кандайдыр бир юридикалык же финансылык милдеттенмелерди жүктөөгө арналган эмес жана Тараптардын мамлекеттери катышуучу болгон эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобоого тийиш.
Бул Меморандум катышуучуларга, Кыргыз Республикасына, Америка Кошмо Штаттарына же кызмат адамдарына, кызматкерлерге, агенттерге же алар менен байланышкан башка персоналга карата жалпы укуктун алкагында же башка үчүнчү жак тарабынан мажбурлап аткарылышы мүмкүн болгон кандайдыр бир материалдык же процессуалдык укуктарды же жеңилдиктерди түзүү катары чечмеленбеши керек. Катышуучулар бул Меморандум, ушул Меморандумга ылайык жүзөгө ашырылуучу же ушул Меморандумга тиешелүү болгон башка иштерден келип чыгуучу жарандык жоопкерчилик жөнүндө ар кандай талаптарды жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдарды өзгөртпөйт деп түшүнөт.
9-берене
Бул Меморандумду аткарууга жана/же чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан ар кандай талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультациялар жана талкуулар аркылуу жөнгө салынышы мүмкүн.
10-берене
Ушул Меморандум Тараптардын өз ара макулдугу боюнча айрым документтер аркылуу өзгөртүлүшү мүмкүн.
11-берене
Бул Меморандум ага эки Тараптын өкүлдөрү кол койгон күндөн тартып же эгерде Тараптар ар башка күнү кол койсо, эки датанын акыркысынан баштап күчүнө кирет.
Бул Меморандум белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Бул Меморандум Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча гана алардын бири тарабынан бузулушу мүмкүн, мында ал экинчи Тарапка бузуунун болжолдуу күнүнө чейин 30 күн мурда жазуу жүзүндө кабарлоого тийиш.
12-берене
Бул Меморандум экинчи Тараптын макулдугусуз басма сөз-релиздердин, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоонун же билдирүүнүн предмети боло албайт.
202___-жылдын ___________ күнү ____________ айында эки нускада кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюлду, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Меморандумдун тексттеринин ортосунда айырмачылыктар болгон учурда Тараптар англис тилиндеги текстке шилтеме жасайт.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы үчүн |
| Америка Кошмо Штаттарынын Юстиция министрлигинин Федералдык тергөө бюросу үчүн |
____________________________ |
| ____________________________ |