РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республикиот 16 мая 2023 года №242-р (Об одобрении проекта Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Китайской Народной Республики о взаимном создании культурных центров)

Редакцияот 16.05.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 16-майы № 242-т

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилдеги долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - биргелешип "Тараптар" деп аталуучу "кыргыз Тарап" жана "кытай Тарап",

өз ара урматтоонун жана ишенимдин негизинде,

эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо,

Маданий жана гуманитардык жааттарда эки тараптуу достук кызматташтыкты кеңейтүү жана "Бир алкак - бир жол" демилгесинин алкагында Тараптардын маданий өз ара аракеттерин байытуу максатында,

төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүүгө жетишти:

I берене.

Өз ара мамиленин принцибине ылайык кыргыз Тарап Пекинде Кыргызстандын маданий борборун, ал эми кытай Тарап Бишкекте Кытай маданий борборун түзөт (мындан ары - "Маданий борборлор").

Тең укуктуулуктун жана өз ара пайданын негизинде Тараптар бири-биринин Маданий борборлорун түзүүгө жана иштешине көмөк көрсөтөт.

II берене.

Маданий борборлорду түзүүнүн максаты эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө ар тараптан түрткү берүү, эки өлкөнүн маданий жана гуманитардык жааттарда тажрыйба алмашуусуна жана кызматташуусуна көмөк көрсөтүү жана достук мамилелердин өнүгүүсүнө түрткү берүү болуп саналат.

III берене.

Маданий борборлор кызыкдар болгон жиберүүчү Тараптын коммерциялык эмес маданият мекемелери болуп саналат. Маданий борбор Кабыл алуучу Тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык иштейт.

V беренеде каралган иш-чараларды уюштурууда Маданий борборлор кабыл алуучу Тараптын улуттук мыйзамдарында жана эрежелеринде белгиленген тартипте кабыл алуучу Тараптын мамлекеттик органдары, жергиликтүү бийлик органдары, маданий жана көркөм мекемелери, юридикалык жана жеке жактары менен түз байланыштарды түзө алат.

IV берене.

Маданий борборлор өздөрүнүн имараттарынын чегинен тышкары өз алдынча, же болбосо ушул Макулдашуунун V беренесинде эскертилген башка уюмдар менен кызматташып жүргүзгөн иш-чаралар кабыл алуучу Тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык келиши жана кабыл алуучу Тараптын компетенттүү органдарына кабарланышы керек, иши жетишилген келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.

Тараптар Маданий борборлорго жана Маданий борборлордун имараттарынын ичинде же тышында өткөрүлүүчү иш-чараларга кабыл алуучу Тараптын коомчулугуна тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүн берүүнү макулдашты.

Тараптар Маданий борборлор иш жүргүзүү үчүн каражаттарды кабыл алуучу Тараптын колдонуудагы мыйзамдарына жана жоболоруна ылайык пайдаланышына кепилдик берет.

V берене.

Кабыл алуучу Тараптын мыйзамдарына жана жоболоруна ылайык Маданий борборлор төмөнкүдөй иштейт:

1. Ар кандай маданий иш-чараларды, анын ичинде көргөзмөлөрдү, спектаклдерди, семинарларды, лекцияларды, фильмдерди жана башка аудиовизуалдык продукцияларды көрсөтүүнү алардын принцибине ылайык уюштуруу; мындай иш-чарада пайдаланылуучу басылмалар кабыл алуучу Тараптын чет өлкөлүк басылмалардын жана импорттук басылмалардын көргөзмөсү жана таркатылышы жөнүндө эрежелерине ылайык жүргүзүлөт же импорттолот.

2. Маданий борборлордун жайларында ар түрдүү билим берүү иш-чараларын өткөрүү аркылуу жиберүүчү Тараптын тилин жана маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

3. Китепканаларды, окуу залдарын жана мультимедиялык имараттарды түзүү жана кабыл алуучу Тараптын коомчулугуна маалыматтык кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде китептерди, мезгилдүү басылмаларды жана башка жарыялоолорду, ошондой эле жиберүүчү Тараптын тарыхы жана маданияты жөнүндө аудиовизуалдык материалдарды берүү. Берилген басма жана аудиовизуалдык материалдар кабыл алуучу Тараптын тиешелүү мыйзамдарына жана ченемдик актыларына каршы келбеши керек.

4. Маданий борборлордун иши жөнүндө маалыматтарды таратууга көмөк көрсөтүү, кабыл алуучу Тараптын коомчулугун жиберүүчү Тараптын тарыхы жана заманбап өнүгүүсү, ошондой эле анын маданияты, искусствосу, билим берүүсү, илими жана коомдук жашоосу менен тааныштыруу.

5. Ушул Макулдашуунун принциптерине ылайык келген башка иш-чараларды уюштуруу.

VI берене.

Кабыл алуучу Тараптын мыйзамдарына жана жоболоруна ылайык Маданий борборлор коммерциялык иш менен алектенбеши керек. Бирок Маданий борборлор төмөндө саналган коммерциялык эмес товарлар үчүн тиешелүү жыйымдарды алууга укуктуу:

1. Спектаклдер, көргөзмөлөр жана башка маданий иш-чаралар, Көргөзмөлөр кабыл алуучу Тараптын чет элдик басылмаларга жана чет элдик басылмалардын көргөзмөлөрүнө тиешелүү эрежелерине ылайык өткөрүлөт.

2. Тилдик жана маданий-билим берүү иши.

3. Маданий борборлор уюштурган иш-чараларга түздөн-түз байланыштуу каталогдор, плакаттар, афишалар жана башка макалалар.

4. Жиберүүчү Тараптын салттуу жашоо образын көрсөтүү максатында чайканалар же кафелер.

VII берене.

Жиберүүчү Тарап кабыл алуучу Тарап менен макулдашып, Маданий борборлорду ачуу үчүн жерди тандайт. Кабыл алуучу Тарап өзүнүн ички мыйзамдарына ылайык Маданий борбордун имаратын ижарага алууда же курууда жиберүүчү Тарапка көмөк көрсөтөт.

Жиберүүчү Тарап өзүнүн Маданий борборун курууга, оңдоого жана жасалгалоого уруксат алгандан кийин, кабыл алуучу Тараптын куруу жана жасалгалоо жөнүндө мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык ал борбордун долбооруна, курулушуна, оңдолушуна жана жасалгаланышына жооп берет. Курулуш подрядчысын (чыларын) жиберүүчү Тарап тандап алат жана дайындайт.

VIII берене.

Маданий борборлор кабыл алуучу Тараптын бажы жана салык мыйзамдарына, Тараптар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жана өз ара мамилелердин негизинде, эгерде алар кабыл алуучу Тарапта сатуу же пайда алуу үчүн колдонулбаса, төмөндө көрсөтүлгөн пункттар боюнча бажы алымдарын жана импорттук салыктарды төлөөдөн бошотулат:

(1) расмий жана күн сайын пайдалануу үчүн Маданий борборлор тарабынан талап кылынуучу предметтер, жабдуулар, эмеректер, шаймандар жана кеңсе буюмдары (транспорт каражаттары кирбейт);

(2) Маданий борборлор иш-аракеттерин уюштуруу үчүн зарыл болгон материалдардын акылга сыярлык саны, анын ичинде фотоальбомдор, плакаттар, афишалар, китептер, дисктер, жазуулар, окуу жабдуулары жана аудиовизуалдык продукттардын башка түрлөрү;

(3) Маданий борборлордун жайларында көрсөтүлө турган тасмалар.

Эгерде кабыл алуучу Тараптын бажы органдары тарабынан башкача уруксат берилбесе, жогоруда аталган буюмдарды берүүгө, ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, өткөрүп берүүгө, башка максаттар үчүн пайдаланууга болбойт.

IX берене.

Маданий борборлор кабыл алуучу Тарапта алардын иштеши үчүн зарыл болгон юридикалык документтерге кол коюуга укуктуу.

Маданий борборлор кабыл алуучу Тараптын эрежелерине ылайык банк эсептерин ачууга укуктуу.

X берене.

Маданий борборлордон жана алардын кызматкерлеринен алынуучу кирешелерге жана мүлккө салыктар кабыл алуучу Тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине жана 2002-жылдын 24-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууга ылайык алынат.

XI берене.

Жөнөтүүчү өлкө тарабынан берилген кызматтык паспорттору бар, бирок дипломатиялык артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдаланбаган жөнөтүүчү Тараптын жарандары Маданий борборлордун персоналы болуп саналат. Маданий борборлор тарабынан жалданган башка кызматкерлер дагы жөнөтүүчү же кабыл алуучу Тараптын жарандары болушу мүмкүн.

Тараптар өздөрүнүн тиешелүү Маданий борборлордо персоналды дайындоо жана бошотуу жөнүндө бири-бирине маалымдашат жана кабыл алуучу Тараптын колдонуудагы мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык жол-жоболорду өз убагында аткарышат.

XII берене.

Эгерде башкасы макулдашылбаса, Маданий борборлордун жиберүүчү Тарап ыйгарым укук берген персоналы жиберүүчү Тараптын эмгек жана социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамы жана жобосу боюнча иштейт; кабыл алуучу Тараптын Маданий борборлору тарабынан жалданган башка персонал Кабыл алуучу Тараптын эмгек жана социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамы жана жобосу боюнча иштейт.

XIII берене.

Тараптар кызматтык паспорттордун ээлери болуп саналган Маданий борборлордун персоналына, алардын жубайларына, ата-энелерине жана 18 жашка чыга элек балдарына өлкөгө кирүү жана жашоо боюнча кайрылууларына шарттарды камсыз кылат.

XIV берене.

Ушул Макулдашууга кандай болбосун өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор Тараптардын өз ара макулдугу боюнча алдын ала консультациялардан кийин киргизилет, жазуу жүзүндө таризделет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

XV берене.

Макулдашууга өзгөртүүлөр консультациялар жүргүзүлгөндөн кийин Тараптардын өз ара макулдугу менен кабыл алынат жана XVI берененин биринчи абзацында баяндалган жол-жобого ылайык күчүнө кирет.

Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөнүн жана аткаруунун натыйжасында Тараптар ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон кандай болбосун талаштар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынышы керек.

XVI берене.

Ушул Макулдашуу Тараптар мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар менен бири-бирине жазуу жүзүндө акыркы жолу маалымдаган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Макулдашуу беш жыл бою күчүндө болот жана Тараптардын бири да анын колдонулушунун баштапкы же кандай болбосун кийинки мөөнөтү өткөнгө чейин алты (6) ай мурун экинчи Тарапка анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жибербесе, кийинки ар бир беш жылдык мөөнөттө өзүнөн-өзү узартылып турат.

 

2023-жылдын "___" ____________ ______________ шаарында эки түп нускада, кыргыз, кытай жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн

 

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн