РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 16 мая 2023 года № 239-р (Об одобрении проекта Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Китайской Народной Республики о предоставлении безвозмездной помощи)

Редакцияот 16.05.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 16-майы № 239-т

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров

 

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү 2015-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашууга ылайык, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди андан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин керектөөлөрүнө ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Тараптар өз ара сүйлөшө турган долбоорлор боюнча Тараптардын ортосундагы келечектеги келишимдерди ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 300 миллион кытай юанына кайтарымсыз жардам көрсөтөт. Конкреттүү маселелер Тараптар кошумча кол коё турган Макулдашууларда каралат.

2-берене.

Кытай Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасынын "РСК Банк" ачык акционердик коому пайыздарды жана жыйымдарды кошпостон иштей турган № 2023/1 гранттык эсепти экинчи Тараптын атынан кытай юанында өз ара ачат. Гранттык каражаттарды пайдаланууда эсептерди жүргүзүү тартиби Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын операциялар эрежелерине ылайык жүргүзүлөт. Банктар Тараптарга аталган эсептердин каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалыматты үзгүлтүксүз жиберип турат.

3-берене.

Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашуудан келип чыгуучу бардык милдеттенмелерди Тараптар аткарганга чейин колдонулат.

 

Бул Макулдашууга ____________ шаарында 2023-жылдын "___" майында эки нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн

 

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри

 

Мамкеңештин мүчөсү Тышкы иштер министри

Амангельдиев Д.Дж.

 

Цинь Ган

____________________________________

 

____________________________________