ЗаключениеДействует

Заключение Кабинета Министров Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях и законы Кыргызской Республики»О мерах по предупреждению причинения вреда здоровью детей, их физическому, интеллектуальному, психическому, духовному и нравственному развитию в Кыргызской Республике», «О средствах массовой информации«)», инициированный депутатом Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Исаевой Дж.К. (к распоряжению Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики от 3 июня 2023 года № 269)

Редакцияот 03.06.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасынын

2023-жылдын “03” _05_

№ 269 тескемеси менен

жактырылган

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дж.К. Исаева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасында балдарлын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнма чаралар жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дж.К. Исаева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 471-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталууда, ага ылайык жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана ушул Кодекстин 74-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган жазаларды колдонот.

Мында жогоруда аталган Кодекстин 456-беренесине ылайык ички иштер органдары жалпысынан ушул Кодекске ылайык, анын ичинде 74-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жазаларды колдонот.

Ушуга байланыштуу бул Кодекстин 74-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган иштерди ички иштер органдары тарабынан кароо бөлүгүндө аталган Кодекстин 456-беренесине дагы өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул корутундуда баяндалган сунуштарды зеке алуу менен сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.