Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 14 июня 2023 года № 336-р (Об одобрении проектов международных документов)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 14-июну № 336-т
1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:
- "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча эл аралык келишимди түзүүчү Япониянын Өкмөтүнүн нотасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жооп нотасынын долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жооп нотанын жана Гранттык макулдашуунун долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |