Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 16 мая 2023 года № 238-р (О согласии с проектом Протокола между Министерством образования и науки Кыргызской Республики и Министерством науки и технологий Китайской Народной Республики о создании комиссии по научно-техническому сотрудничеству)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2023-жылдын 16-майы № 238-т
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосундагы Илимий-техникалык кызматташтык боюнча комиссия түзүү жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосундагы Илимий-техникалык кызматташтык боюнча комиссия түзүү жөнүндө ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө кол коюлган макулдашууну (Пекин, 1995-жылдын 23-октябры) ишке ашыруу, илим жана техника жаатындагы кыргыз-кытай өз ара пайдалуу кызматташтыгын андан ары тереңдетүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлиги (мындан ары - Тараптар), тең укуктуулук жана өз ара пайдалуулук принцибине негизделген илимий-техникалык кызматташтык чөйрөсүндө кыргыз-кытай мамилелерин чындоого жана өнүктүрүүгө артыкчылык беришет. Эки тараптуу илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн туруктуу механизмин түзүү жана өркүндөтүү зарылдыгына байланыштуу Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай комиссиясын (мындан ары - Комиссия) түзөт.
Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- кыргыз-кытай илимий-техникалык кызматташтыгынын абалын талдоо, анын негизги багыттарын, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана формаларын аныктоо;
- илим жана техника жаатында кызматташуу боюнча биргелешкен долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана макулдашуу, кызматташуу процессинде пайда болгон көйгөйлүү маселелерди аныктоо жана чечүү;
- эки өлкөнүн ортосунда масштабдуу жана олуттуу илимий-техникалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, илимий-техникалык иштеп чыгууларды биргелешип коммерциялаштыруу жана аларды өндүрүшкө киргизүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- эки өлкөнүн илимий-изилдөө институттары менен алдыңкы илимий лабораторияларынын, борборлорунун ортосунда кызматташтыкты түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында эки өлкөнүн юридикалык жактарына илим жана техника жаатында ар кандай түрдөгү алмашууларды жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү.
2-берене.
Тараптар эки улуттук бөлүктөн турган - кыргыз жана кытай тараптан турган Комиссиянын курамын макулдашты. Улуттук бөлүктөрдүн ар бири Комиссиянын тең төрагасын, Комиссиянын улуттук бөлүгүнүн катчысын жана Тараптардын мекемелеринин өкүлдөрүн камтыйт.
Тараптар өз өлкөлөрүнүн колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Комиссиянын курамын түзөт, ошондой эле анын өзгөргөндүгү жөнүндө бири-бирине өз убагында маалымдайт.
Комиссиянын ишинин негизги формалары болуп Комиссиянын жыйналыштары саналат. Комиссиянын жыйналыштары кезеги боюнча Кыргыз Республикасында жана Кытай Эл Республикасында эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналыштарында Тараптардын ар биринен эки тарап тең төрагалык кылат. Тараптар Комиссиянын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү делегацияларды паритеттүү негизде жиберет.
Комиссиянын ар бир жыйналышынын күн тартиби Комиссиянын кезектеги жыйналышы башталганга чейин эки ай мурда Комиссиянын катчылары тарабынан макулдашылат жана бекитилет.
Зарыл болгон учурда Комиссиянын тең төрагалары Комиссиянын кезексиз жыйналыштарын чакыра алат.
Комиссиянын жыйналыштарына катышуу үчүн Тараптардын ар бири зарыл болгон эксперттерди жана адистерди тарта алат.
Комиссиянын жыйналыштарында чечимдер консенсустун негизинде кабыл алынат жана протоколдор менен таризделет. Комиссиянын жыйналышынын протоколдору кыргыз, орус жана кытай тилдеринде таризделет.
Комиссиянын улуттук бөлүктөрүнүн катчылары Комиссиянын жыйналыштарын даярдоого жооп берет, Комиссиянын күнүмдүк ишин координациялайт, Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.
Зарыл болгон учурда Тараптардын өз ара макулдугу боюнча Комиссиянын катчыларынын жыйналыштары өткөрүлүшү мүмкүн.
3-берене.
Багыттоочу Тарап Комиссиянын катышуучуларынын эл аралык авиаучуулары боюнча чыгымдарды, ошондой эле Комиссиянын жыйналышы өтүп жаткан өлкөдө алардын жашоосу жана тамактануусу боюнча чыгымдарды көтөрөт. Кабыл алуучу Тарап Комиссиянын жыйналышын уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылууга, транспорттук тейлөөгө жана протоколдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды тартат.
4-берене.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыш маселелер Тараптардын ортосундагы достук консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
5-берене.
Өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуу боюнча Тараптар бул Протоколго өзүнчө протоколдор түрүндө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизе алышат.
6-берене.
Бул Протокол ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою колдонулат. Тараптардын бири тиешелүү мөөнөт аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен ушул Протоколдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө расмий түрдө дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка кабарлаганга чейин анын колдонулушу автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мезгилге узартылат.
Бул Протоколго кол коюу 2023-жылдын "____"____________ _______________ шаарында, ар бири кыргыз, орус жана кытай тилдеринде, эки нускада жүргүзүлдү, мында бардык үч текст тең бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер болгон учурда орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан |
| Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлиги тарабынан |