ПостановлениеДействует

Кабак айылдык кенешинин 2015-жылдын 5-мартындагы №26-12-6 «Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Котур-Суу айылындагы Кызыл Октябрь негизги орто мектебин жалпы он бир жылдык орто мектепке өткөрүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 05.03.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVI чакырылышынын XII сессиясынын

 

2015-жылдын 5-марты №26-12-6

Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Котур-Суу айылындагы Кызыл Октябрь негизги орто мектебин жалпы он бир жылдык орто мектепке өткөрүү жөнүндө

Кабак айылдык Кенештин сессиясы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Котур-Суу айылындагы Кызыл Октябрь негизги орто мектебинин курулушу бүтүп окуучулардын толук кандуу орто билим алуусуна шарт түзүлгөндүгүнүн негизинде жана жаш жеткичектердин толук билим алуусун камсыз кылуу үчун  Кабак айылдык кенешинин 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Кызыл Октябрь негизги орто мектебинин курулушу бүтүп окуучулардын толук кандуу орто билим алуусуна шарт түзүлгөндүгүнүн негизинде Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Котур-Суу айылындагы Кызыл Октябрь орто мектеби жалпы он бир жылдык орто мектеп болуп өзгөртүлсүн.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун    юстиция башкармалыгына жана тийиштүү мекеме ишканаларына   жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын кантролдоо Кабак айыл аймагынын айыл   өкмөтүнүн башчысы М.Шейшеновго тапшырылсын

 

 

Төрагасы

 

Б.Имеров