ПостановлениеДействует

Жаңы-Алай айылдык кенешинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 24/2 «Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 03.11.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2022-жылдын 3-ноябры № 24/2

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө

 

2022-жылдын 09-октябрында Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында өтүлгөн №13 протоколунун жана «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык,  айылдык кеңеш токтом кылат:

 

1. 2022-жылдын  09-октябрында Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  Жаңы-Арык айылында өтүлгөн №13 протоколу менен Жаңы-Арык айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө сунушу жактырылсын.

 

2. «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын аталышын, И.Умаров деп атоо жөнүндө Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге, көзөмөлдөөнү өз көзөмөлүмө аламын.

 

Айылдык кеңештин

төрагасы :

 

М. Макенов