ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 7 марта 2024 года № 97 «Об утверждении Положения об учебно-практических и профилактических мероприятиях, направленных на выявление состояния антитеррористической защиты объектов возможных террористических посягательств»

Редакцияот 07.03.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 7-марты № 97

Террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргонуу абалын аныктоого багытталган окуу-практикалык жана алдын алуу иш-чаралары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнүн 12-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргонуу абалын аныктоого багытталган окуу-практикалык жана алдын алуу иш-чаралары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У.Жапаров