РаспоряжениеДействует

Рапоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 8 мая 2024 года № 221-р (О внесении изменения в распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 28 февраля 2024 года № 73-р)

Редакцияот 08.05.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 8-майы № 221-т

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 13-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 73-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Соода ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы аймагында колдонулуучу Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын реестри ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

Соода ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы аймагында колдонулуучу Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын РЕЕСТРИ

№

Базардын жана кичи базардын аталышы, ИСН

Базардын жана кичи базардын жайгашкан дареги

1

"Дордой Дыйкан" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00104201110022

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ден Сяопин көчөсү, 302/1

2

"АЗИЗ азык-түлүк дүң базары" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00107201110169

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү, 201

3

Жеке ишкер Мусоходжоева Чинара Бейшеевна ("Кудайберген" автотетиктер базары) ИСН 11005195610060

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Патрис Лумумба көчөсү, 54 Б

4

"Мадина" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00101199310361

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү, 223