РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 29 мая 2024 года № 291-р (О согласии с проектом Меморандума о взаимопонимании между Государственной службой финансовой разведки при Министерстве финансов Кыргызской Республики и Службой финансового мониторинга Азербайджанской Республики о сотрудничестве в обмене информацией финансовой разведки, связанной с отмыванием денег, финансированием терроризма и финансированием распространения оружия массового уничтожения)

Редакцияот 29.05.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 29-майы № 291-т

 

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Азербайжан Республикасынын Финансылык мониторинг кызматынын ортосундагы Акчаларды адалдоо, терроризмди каржылоо жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо менен байланышкан финансылык чалгындоо маалыматтарын алмашуудагы кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасына аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

              Төрагасы

 

А.У. Жапаров