РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 20 октября 2023 года N 635-р (О передаче имущественных комплексов филиалов ТЭЦ города Бишкек и «Бишкектеплосеть» Министерству финансов Кыргызской Республики в счет погашения долговых обязательств открытого акционерного общества «Электрические станции»)

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 20-октябры № 635-т

Энергетика секторундагы чыгымдарды оптималдаштыруу жана кредиттик карыздарды азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна (макулдашуу боюнча) мыйзамдарда белгиленген тартипте Бишкек шаарынын ЖЭБи жана "Бишкекжылуулуктармагы" филиалдарынын мүлктүк комплекстерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун карыздык милдеттенмелерин жоюунун эсебине өткөрүп берүү сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктун аткаруунун жыйынтыгы боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте Бишкек шаарынын ЖЭБинин жана "Бишкекжылуулуктармагынын" мүлктүк комплекстеринин базасында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Бишкек электр жылуулук системалары борбору" мамлекеттик ишканасын түзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 701-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров