ПостановлениеДействует

Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-июлундагы №24/1 «Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы бийик тоолу аймагында жайгашкан Чөгөм айылындагы Чоң-Тектир жана Кичи-Тектир участкаларын сугат суу менен камсыз кылуу иштерин жүргүзүүгө Ош облусунун өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө» тотому.

Редакцияот 02.07.2024
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык  кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

2024-жылдын 2-июлу  № 24/1

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы бийик тоолу аймагында жайгашкан Чөгөм айылындагы Чоң-Тектир жана Кичи-Тектир участкаларын сугат суу менен камсыз кылуу иштерин жүргүзүүгө Ош облусунун өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы бийик тоолу аймагында жайгашкан Чөгөм айылындагы Чоң-Тектир жана Кичи-Тектир участкаларын сугат суу менен камсыз кылуу боюнча 2024-жылдын 1-май күнү Чөгөм айылынын жашоочулары менен болгон чогулушта айтылган суроо-талаптарын канааттандыруу жана жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын эске алып, жогорудагы жумуштарды бүткөрүүгө Ош облусунун өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо максатында Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылынынын кезексиз XXIV сессиясы төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы бийик тоолу аймагында жайгашкан Чөгөм айылындагы Чоң-Тектир жана Кичи-Тектир участкаларына сугат суу чыгарууга керектелүүчү курулуш материалдарын сатып алуу үчүн (2500м чакырым жерге суу түтүкчөсүн жаткыруу) Ош облусунун өнүктүрүү фондунан 2 912 606,36 (эки миллион тогуз жүз он эки миң алты жүз алты сом отуз алты тыйын) сом акча каражаты суралсын.

2. Чөгөм айылындагы Чоң-Тектир жана Кичи-Тектир участкаларын сугат суу менен камсыз кылууга керектүү болгон документ иштерин бүткөрүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча  туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А. Шерматов