Загрузка документа…
КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
2018-жылдын 22-июну № 15/4-1-18
« Алтын -Жар » ЖЧКсынын алтын кенин иштетүү арызын кароо
Суусамыр өрөөнүндөгү Күрпүлдөк айыл аймагына тиешелүү 0.04 га жер участогунда “Алтын – жар компаниясынын алтын кенин иштетүү боюнча 2018-жылдын 18 –июнунда кайрылган арызын карап чыгып, талкуулап Күрпүлдөк айылдык кенешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. « Алтын -Жар » ЖЧКсына Суусамыр өрөөнүндөгү 0.04 га Токойлуу жайытында алтын кенин казууга уруксат берилсин.
2. Алтын казууда жер кыртыштары бузулбаш эрежелери сакталсын жана иштин аягында рекультивация иштери жүргүзүлсүн.
3. Экономиканы көтөрүү багытында жардам көрсөтүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан коюлган талаптар толугу менен аткарылсын жана ар жыл сайын келишим жаңыртылып түзүлсүн.
4. Алтынды казууну көзөмөлгө алуу үчүн айылдык кенештин үч депутатынан турган комиссия курамы түзүлсүн.
5. « Алтын -Жар » ЖЧКсына коюлган талаптардын аткарылышын көзөмөлгө алуу Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Баязова жана агрардык комиссиясынын төрагасы А.Аманкуловго жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кошоев |