ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 4 декабря 2025 № 778 «Об установлении норм командировочных расходов и порядке их возмещения»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 4-декабры № 778

Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө

жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.      Кызматкерлерди иш сапарга жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:

1)     Кыргыз Республикасынын чегинде:

-          суткалык төлөм – республиканын региондорунда иш сапарда болуунун ар бир күнү үчүн 1000 сом; Бишкек шаарында – 1200 сом;

-          турак жайды ижаралоо боюнча төлөм – тиешелүү документтер менен ырасталган иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча. Ырастоочу документтер жок болгон учурда турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдардын орду суткалык чыгымдардын ченеминен 50 пайыз өлчөмүндө толтурулат;

-          иш сапар өтүүчү жерге чейин барууга жана кайтып келүүгө жол кире чыгымдары, анын ичинде транспортто жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөр иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча жүргүзүлөт, мында бул чыгымдар тиешелүү документтер менен ырасталат. Ырастоочу документтер жок болгон учурда жол кире боюнча чыгымдардын орду 1-тиркемеге ылайык өлчөмдөрдө толтурулат;

2)     Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары:

–           турак жайды ижаралоо боюнча суткалык чыгымдарды жана чектик чыгымдарды төлөө – ырастоочу документтерди бербестен 2-тиркемеге ылайык өлчөмдөрдө;

–           иш сапар өтүүчү жерге чейин барууга жана кайтып келүүгө жол кире чыгымдары, анын ичинде транспортто жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөр, ошондой эле барган өлкөсүндөгү транспорттук чыгымдар иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча жүргүзүлөт, мында бул чыгымдар тиешелүү документтер менен ырасталат.

2.      Төмөнкүлөр белгиленсин:

–           кызматкерди Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш сапарга жиберүү иш сапардык күбөлүктү тариздебестен иш берүүчүнүн буйругунун (тескемесинин) негизинде жүргүзүлөт;

–           иш сапардык чыгымдардын ченемдерин көбөйтүү менен байланышкан кошумча чыгымдар мамлекеттик мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тиешелүү жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.

3.      Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: