ПостановлениеДействует

Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-февралындагы № 3 «Бердике баатыр айыл аймагынын айылдык кенеши»»Калба айыл аймагынын айылдык кеңеши«жана»Жергетал айыл аймагынын айылдык кенешинин«кошулу жөнүндө» токтому

Редакцияот 20.02.2024
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Беш-Таш айылдык кенешинин VIII –чакырылышын

1-сессиясы

 

2024-жылдын 20-февралы № 3

 

“Бердике баатыр айыл аймагынын айылдык кенеши» “Калба айыл аймагынын айылдык кеңеши” жана “Жергетал айыл аймагынын айылдык кенешинин” кошулу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылды 29декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Беш-Таш” айылдык кенеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Бердике баатыр айыл аймагынын айылдык кенеши”, “Калба айыл аймагынын айылдык кенеши” жана “Жергетал айыл аймагынын айылдык кенешин” бириктирүү жолу менен «Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

 

 

Беш-Таш айылдык

кенешинин төрагасы

 

 

Сатыбек уулу Максат