Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-майындагы № 13 «Беш-Таш айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
Беш-Таш айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 262 сандуу буйругун жетекчиликке алып Беш-Таш айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Таш айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иштелип чыккан типтүү эрежелер бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамилге жүктөлсүн.
Төрага
Сатыбек уулу Максат
Беш-Таш айыл кеңешинин 2024-жылдын 24-майындагы №13 токтому менен бекитилди
Беш-Таш айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты
сактоо боюнча типтүү эрсжелер
1. Жалпы жоболор
1.Айыл аймактын айылдарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана .жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025- жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана- чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ез алдынча башкаруу агенттигинин 2022-жылдын 28- ноябрындагы №262 буйругунун негизинде иштелип чыккан.
2.Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн айыл аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
3.Айыл өкмөтү эрежелерде белгиленген көктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
4.Айыл өкмөтү өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аныктайт.
2. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу
иштерин уюштуруу
5.Айыл аймакка караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү “Беш-Таш” муниципалдык ишканасы менен КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө ми
6.КТТКны айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдар жайгашкан жерлеринде, айыл тургундары өздөрү жашаган үйлөрүндө каптарга чогултат. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган каптарды коюуга тыюу салынат.
7.Беш-Таш айы өкмөтү “Беш-Таш” муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишимдерге ылайык айыл тургундарынын үйлөрүнөн жана айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдардан таштандыларды, катуу турмуш- тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча иш аткарат.
8.“Беш-Таш” муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишимге ылайык, айыл тургундарынан катуу турмуш-тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр алынбайт.
9.Беш-Таш айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
10.Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн айыл тургундары “Беш-Таш” муниципалдык ишканасы менен жеке келишимдерди түзүү жолу менен аткарышат.
И. Кыймылсыз объекттерди курууну жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (Жергетал айыл өкмөтү менен таштанды чыгаруу келишимине ылайык) алып чыгууга милдеттүү.
12.Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бакдарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу Жергетал айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдардын жана жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
13.Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдар жана айыл тургундар ишке ашырат жана ташып чыгаруу жагы “Жергетал” муниципалдык ишканасына милдеттендирилет.
14.Коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.
15.Айыл аймагындагы мекеме-уюмдарга, мектептерге кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.
16.Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан ез каражаттарынын эсебинен орнотулат.
17.Таштандыларды уруксатсыз таштандыларды ылайыкталбаган жерлерге таштоого, орттоого күнөөлүү адамдар укук бузу у л ар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
18.Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.