ПостановлениеДействует

Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 31 ««Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо» (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында Беш-Таш айыл аймагынын ишмердүүлүгү жөнүндө» токтому

Редакцияот 02.07.2024
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 2-июлу № 31

 

«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо» (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында Беш-Таш айыл аймагынын ишмердүүлүгү жөнүндө.

 

2021-ж 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Беш-Таш айыл аймагынын (мурунку Жергетал айыл аймагынын) АКИА АК төрагасы Чоюбеков Анарбек Шойлообековичтин маалымат-отчетун угуп жана талкуулап чыгып Беш-Таш айылдык кеңешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Беш-Таш айыл аймагынын (мурунку Жергетал айыл аймагынын) АКИА АК төрагасы Чоюбеков Анарбек Шойлообековичтин маалымат-отчетун кабыл алынсын

 

2. Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирлсин.

 

 

Төрага

 

Сатыбек уулу Максат