Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз
7- отурумунун
2025-жылдын 2-сентябры № 7/66
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Шалта айылынын Шукуралиева №44Б көчөсүндө жайгашкан, муниципалдык менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-11-1004-0179, аянты 1476,3кв.м. жер тилкесинин максаттык багытын “Мектеп алдындагы жер тилкесинен” – “Мечит астындагы жер тилкесине” өзгөртүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин кайрылуусун карап чыгып, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Шалта айылынын Шукуралиева №44Б көчөсүндө жайгашкан, муниципалдык менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-11-1004-0179, аянты 1476,3кв.м. жер тилкесинин 1-бөлүгүнүн максаттык багытын “Мектеп алдындагы жер тилкесинен” – “Окуу борбору “Маданий борбору”, мечит астындагы жер тилкесине” өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык
кенештин төрагасы Ж.Ж. Султанбеков