Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-августу № 31
Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун балансына өткөрүп берүү
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э «Орто-Кайыңды айыл аймагына караштуу № 39-контурдан 45,4 гектар кайрак жерин жана № 379 - контурдан 35 гектар көп жылдык өсүмдүктөр жерин айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун балансына өткөрүп берүү» жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 07-августундагы № 02/5467 каты менен таанышып жана Жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Панфилов филиалынын 2025-жылдын 20-августундагы № 707-2025-8894, № 707-2025-8895 корутундусунун негизинде Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Орто-Кайыңды айыл аймагына караштуу № 39-контурдан 45,4 гектар кайрак жери жана № 379- контурдан 35 гектар көп жылдык өсүмдүктөр жери айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун балансына өткөрүлсүн.
2.Ушул токтом ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э жана жер, жайыт, архитектура, курулуш, экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Нуржанов С.Т. жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |