ПоложениеДействует

Положение о лицензировании деятельности операторов телекоммуникаций (приложение 1 к постановлению Кабинета Министров КР от 5 октября 2026 года № 664)

Редакцияот 05.10.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-октябрындагы № 664 токтомуна)

 

Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө ЖОБО

 

1-глава. Жалпы жоболор

1. Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) төмөнкүлөрдүн тартибин регламенттейт:

1) телекоммуникациялардын операторлорунун ишине лицензияларды (мындан ары - лицензия) берүүнүн, кайра тариздөөнүн, токтотуп туруунун, кайра жаңылоонун, токтотуунун жана жокко чыгаруунун жана лицензиялык контролдоону жүргүзүүнүн;

2) радиоэлектрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө радио жыштыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимди (мындан ары - уруксат) берүүнүн, кайра тариздөөнүн, токтотуп туруунун, кайра жаңылоонун жана токтотуунун.

2. Лицензияларды жокко чыгарууну кошпогондо, ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу орган болуп телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу (мындан ары - Лицензиар) саналат.

3. Телекоммуникациялар операторлорунун ишин жүзөгө ашырууга жана (же) радио жыштык спектрин пайдаланууга каалоосун билдирген жеке же юридикалык жактар уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү лицензияны жана (же) уруксатты алууга милдеттүү.

4. Төмөнкүдөй радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү эксплуатациялоо үчүн уруксаттарды алуу талап кылынбайт:

1) аз кубаттуулуктагы, маалымат алмашуу же башкаруу максаттары үчүн арналган, 100 мВт кем эмес чыгуу кубаттуулугу менен иштеген, кошумча нурлануу деңгээли кайсы мааниси ушул Жобонун 7-тиркемесинде көрсөтүлгөндөн азыраак катуу талаптарга ылайык келишине жараша 56+101og(P) же -40 дБн маанисинен ашпоого тийиш болгон;

2) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында тышкы антенналарды колдонбостон Wi-Fi стандартындагы өткөргүчсүз жетүү системасы.

5. Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды таануу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана учурларда жүзөгө ашырылат.

6. Лицензияны жана (же) уруксатты берүү, кайра тариздөө, ошондой эле алардын дубликаттарын берүү үчүн мамлекеттик алым Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынат.

7. Лицензиялоонун принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) лицензиялоо жана уруксаттарды берүү жол-жоболорунун ачыктыгы, айкындыгы;

2) менчигинин түрүнө карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүнүн бирдей негиздери жана шарттары;

3) "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензияланууга тийиш болгон ишке байланышкан кошумча лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүгө тыюу салуу;

4) эгерде башкасы далилденбесе жана тиешелүү документтер менен ырасталбаса, лицензиаттын ак ниеттүүлүгүн таануу;

5) рынокто монополизмдин күчөшүнө жол бербөө же лицензиялоодо ишкердик иштин эркиндигин чектөө;

6) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган тиешелүү эл аралык келишимдердин шарттарында башка мамлекеттерде алынган же бир тараптуу тартипте таанылган, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган лицензияларды жана (же) уруксаттарды таануу;

7) лицензиялык контролдоону республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана жүзөгө ашыруу.

Лицензиардын лицензиаттын каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен лицензиялык контроль (мониторинг) жүргүзүүсүнө тыюу салынат.

8. Лицензиялоо жол-жобосу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган принциптерде жүзөгө ашырылат.

9. Лицензиар төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

1) лицензияларды жана уруксаттарды берүү;

2) санариптик реестрлерди жүргүзүү, санариптик реестрлердеги жазууларды түзүү жана өзгөртүү;

3) лицензиялардын жана уруксаттардын дубликаттарын берүү;

4) чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды таануу;

5) лицензияларды жана уруксаттарды кайра тариздөө;

6) лицензиаттар тарабынан лицензиялык талаптардын сакталышын лицензиялык контролдоо;

7) лицензиялардын колдонулушун токтотуп туруу;

8) лицензиялардын колдонулушун кайра жаңылоо;

9) лицензиялардын колдонулушун токтотуу;

10) лицензияларды жокко чыгаруу маселеси боюнча доо арызы менен сот органдарына кайрылуу;

11) лицензияларды жана уруксаттарды берүүдөн баш тартуу;

12) номерлештирүүнү бөлүштүрүү, номерлештирүүнү пайдаланууга укук берүү, номерлештирүүнүн санарип реестрине тиешелүү жазмаларды киргизүү жолу менен көрсөтүлгөн укукту өзгөртүү жана токтотуу.

10. Лицензиар ээсинин укуктарын жүзөгө ашырат, төмөнкү санарип реестрлердеги жазмалардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылат:

1) телекоммуникациялардын операторунун ишине лицензиялардын реестри;

2) радио жыштык реестри;

3) номерлердин реестри.

11. Ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн санариптик реестрлердеги санарип жазмалар жалпыга жеткиликтүү жана тиешелүү укуктардын пайда болушу, өзгөрүшү, токтотулушу үчүн негиз болуп саналат.