Положение о порядке проведения торгов на право использования радиочастотного спектра (приложение 2 к постановлению Кабинета Министров КР от 5 октября 2026 года № 664)
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-октябрындагы № 664 токтомуна)
Радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 182-беренесине ылайык конкурс же онлайн-аукцион формасындагы тооруктардын жыйынтыктары боюнча радио жыштыктарды бөлүп берүүнүн тартибин жана жол-жоболорун жөнгө салат.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 184-беренесинин 4-бөлүгү менен белгиленген тооруктарга карата колдонулбайт.
3. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу өзүнүн чечиминде Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык сервистик радио жыштыктарга карата тооруктарды өткөрүүнүн формасын аныктайт.
4. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун тооруктарды өткөрүү жөнүндөгү чечими төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) тооруктарды өткөрүү формасы (конкурс же онлайн-аукцион);
2) тооруктардын предмети;
3) онлайн-аукцион өткөрүүдө баштапкы баа же конкурс өткөрүүдө баасы;
4) аукциондук кадамдын баасы;
5) тоорукка катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу жери жана мөөнөтү;
6) тооруктарды өткөрүү жери, убактысы жана датасы;
7) тооруктардын катышуучуларын каттоонун башталышы жана аякташы;
8) тооруктарга катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
9) кепилдик төгүмүн төлөө үчүн банктык реквизиттер жана кепилдик төгүмүнүн өлчөмү;
10) тооруктардын катышуучуларына карата талаптар.
2-глава. Конкурсту өткөрүү тартиби
5. Конкурс сервистик радио жыштыктарды пайдалануу боюнча мыкты инвестициялык долбоорду аныктоо үчүн өткөрүлөт.
6. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде аныкталган курамда конкурстук комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Конкурсту өткөрүүнү уюштуруу жана конкурстук документтерди кабыл алуу телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Конкурстук комиссия өзүнүн ишине анын персоналдык курамы бекитилгенден кийин киришет.
9. Конкурстук комиссиянын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) конкурстук комиссиянын ишинин регламентин бекитүү;
2) конкурстук өтүнмөлөрдү ачуу жана катышуучулардан келип түшкөн инвестициялык долбоорлорду баалоо;
3) мыкты инвестициялык долбоорду сунуштаган жеңүүчүнү аныктоо жана ага конкурстун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо;
4) конкурстук төгүмдүн өлчөмүн бекитүү.
10. Конкурстук комиссия конкурсту өткөрүүгө жана келип түшкөн инвестициялык долбоорлорду баалоого байланыштуу келип чыккан маселелерди тактоо жана/же түшүндүрмө берүү үчүн тиешелүү профилдеги адистерди жана эксперттерди тартууга укуктуу.
11. Конкурстук комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алууга жана өзүнүн иши жөнүндө купуя маалыматты ачыкка чыгарбоого милдеттүү.
12. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү атаандаштыкты чектөөгө же катышуучулардын кимисине болбосун башка катышуучуларга карата көбүрөөк укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү берүүчү ар кандай аракеттерди жүзөгө ашырууга укуксуз.
13. Конкурстук комиссиянын жыйналышы ага анын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөлөрү катышканда укуктуу болот.
14. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү чечимдерди талкуулоодо жана кабыл алууда бирдей добуш берүү укугу менен пайдаланат. Добуштар тең болуп калган учурда конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Добуш берүү укугун ишеним кат боюнча өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
Конкурсту өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу тарабынан анын расмий сайтында аны өткөрүү күнүнө чейин 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланат жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) конкурстун объекти, радио жыштык ресурсу бөлүнүп берилүүчү мөөнөт;
2) конкурска катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу жери жана мөөнөтү;
3) конкурс өткөрүү жери, датасы жана убактысы, катышуучуларды каттоонун башталышы жана аякташы;
5) конкурстук документтердин тизмеги, аларды тариздөөгө талаптар;
6) конкурстун катышуучуларына карата талаптар конкурстук комиссиясы тарабынан аныкталат;
7) конкурстук өтүнмөлөрдү баалоо критерийлери;
8) конкурс жөнүндө керектүү маалыматтарды алууга мүмкүн болгон телефон номери, дареги жана башка байланыш маалыматтары;
9) конкурстун натыйжалары жөнүндө протоколдун формасы;
10) конкурстун жеңүүчүсүнүн милдеттенмелерин жана анын колдонулуу мөөнөтүн көрсөтүү менен конкурстун жеңүүчүсү менен келишимдин формасы;
11) конкурстук төгүмдү түлөөнүн тартиби, өлчөмү жана мөөнөтү (зарыл болгон учурда) конкурстук төгүмдү төлөө үчүн эсептин реквизиттери;
12) конкурстук милдеттенмелер;
13) конкурс өткөрүү менен байланышкан башка зарыл маалыматтар.
15. Конкурсту өткөрүү менен байланышкан чыгымдар (адистерди жана эксперттерди тартуу, арыздардын бланктарын даярдоо, башка чыгымдар) жеңүүчүнүн конкурстук төгүмүнүн эсебинен жабылат. Конкурс болбой калган учурда - телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун эсебинен жабылат.
16. Эгерде конкурс болбой калса, конкурстук төгүм кайтарылууга тийиш. Конкурстук төгүм конкурстун жеңүүчүсү деп таанылбаган жактарга да кайтарып берилет. Кайтарып берүү конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде ишке ашырылат.
17. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү радио жыштык ресурсун пайдалануу укугун алуу келишимине кол коюудан баш тартса, конкурстук төгүм кайтарылбайт.
18. Ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык катышууга өтүнмө берген конкурстун катышуучусу конкурстук документтерди берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 7 (жети) жумуш күндөн кечиктирбестен телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусуна конкурска катышуунун жоболорун жана шарттарын түшүндүрүү жөнүндө суроо-талап менен кайрылууга укуктуу, ал суроо-талап катталган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде суроо-талапка жооп берүүгө милдеттүү.
19. Конкурстук документтер талапкерлер тарабынан эки нускада, "түп нускасы" жана "көчүрмөсү" деген белги менен чапталган конверттерде берилет.
20. Конкурстук документтер телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу тарабынан конкурстук төгүмдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу документти тиркөө менен кабыл алынат, атайын журналда катталат, анда документтерди кабыл алуунун так убактысы (сааты, мүнөтү), конкурстук документтерди берген адамдын аты-жөнү жана колу жана анын байланыш маалыматтары көрсөтүлөт. Конкурстук документтер көктөлүүгө жана номерленүүгө, чапталууга жана алардын тизимин камтууга тийиш.
21. Банктык кепилдиктин түп нускасын кошпогондо, катышуучулардын конкурстук документтеринин түп нускалары жана көчүрмөлөрү кайтарып берилбейт, эгерде ал конкурстун шарттарында каралса, анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү конкурстук документтерге тиркелет.
22. Конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин конкурстук документтердин түп нускалары телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунда сакталат.
23. Конкурстук комиссия конкурстук документтерди кароону конкурстук документтер ачылган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күндүн ичинде аяктайт.
24. Конкурстук документтерди кароодо конкурстук комиссия ар бир катышуучуга өзүнүн инвестициялык долбоорун презентациялоого мүмкүндүк берет. Бардык катышуучулар үчүн презентациялоо шарттары бирдей болушу керек.
25. Конкурстук сунуштарды кароонун жүрүшүндө конкурстук комиссия катышуучулардан кошумча маалыматтарды, комментарийлерди жана түшүндүрмөлөрдү суроого укуктуу.
26. Конкурс нөлдөн онго чейинки баллдык система боюнча бааланат. Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык конкурстук сунуштарды баалоо критерийлери менен таблицаны толтурат.
27. Катышуучулар берген инвестициялык долбоорлорду кароодо конкурстук комиссиянын мүчөлөрү аларды төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:
1) телекоммуникациялык сервистер менен камтылуучу максималдуу зона;
2) сервистердин түрдүүлүгү жана баанын жеткиликтүүлүгү;
3) телекоммуникация тармагын өнүктүрүү пландары;
4) тартылган инвестициялардын көлөмү;
5) долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү жана узактыгы.
28. Инвестициялык долбоорлорду баалоонун жарыяланган шарттарына ылайык мыкты инвестициялык долбоорду сунуштаган жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнөн эң көп балл алган, бирок жалпы максималдуу суммалык баллдын 70 пайызынан кем эмес балл алган адам конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
29. Эгерде конкурстун эки же андан көп катышуучусу бирдей сандагы баллды алса, анда конкурстун жеңүүчүсү деп конкурска катышуу үчүн документтерин башка катышуучулардан мурда берген катышуучу таанылат.
30. Конкурстун жыйынтыгы боюнча келишим түзүлөт, анын формасы телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу тарабынан бекитилет. Келишимге конкурстун жеңүүчүсү жана телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен кол коет.
31. Конкурстун жыйынтыктары конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү кол койгон протокол менен таризделет.
Протоколго төмөнкүлөр жазылат:
1) конкурстук комиссиянын курамы, конкурс өткөрүлгөн дата, убакыт жана жер;
2) конкурстун катышуучулары, жеңүүчүлөрү жана алар топтогон баллдар жөнүндө маалыматтар.
Протоколго милдеттүү түрдө конкурстук документтер тиркелет.
32. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 182-беренесинде каралган учурларда конкурс өткөн жок деп таанылат.