РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 27 октября 2026 года № 813-т (Об одобрении проекта Дополнительного соглашения к Инвестиционному соглашению между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и иностранным предприятием в форме общества с ограниченной ответственностью «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» о реализации инвестиционного проекта «Производство электроэнергии на основе утилизации отходов в городе Бишкек», подписанного 29 марта 2024 года, в части реализации второго этапа)

Редакцияот 27.10.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР

КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

 

2026-жылдын 27-октябры № 813-т

 

«Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2024-жылдын 29-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет элдик ишкананын ортосундагы «Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга экинчи этапты ишке ашыруу бөлүгүндө кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев