ПостановлениеДействует

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Сырт Арчалы айылынан турак-жай куруу үчүн таратыла турган жер тилкесинин өлчөмүн белгилеп берүү жөнүндө токтому

Редакцияот 30.10.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу  Сырт  Арчалы айылынан 

турак-жай куруу   үчүн таратыла  турган  жер тилкесинин

  өлчөмүн белгилеп берүү  жөнүндө

2026-жылдын   16-июлу   № 25                                                    

          Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесинин 9 пунктуна ылайык,  Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу  Сырт-Арчалы   айылынан турак-жай куруу   үчүн таратыла  турган  жер аянтынын   өлчөмүн бекитип берүү боюнча Күн-Чыгыш  айыл өкмөтүнүн  жер адиси А.Бекказиевдин   маалыматын   угуп жана талкуулап,   Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү  Кенеши токтом кылат:

     1. Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу  Сырт-Арчалы  айылынан турак-жай куруу   үчүн таратыла  турган    жер аянтынын    өлчөмү 0,07  га өлчөмүндө белгиленсин.  

    2. Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция  министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  3. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. 

   4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш  айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровко, көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү  Кенешинин жер, талаачылык, жайыт, агрардык маселелер  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                          Э.Кыдыев