Инструкция о порядке проведения правовой, правозащитной, гендерной, антикоррупционной и экологической экспертиз проектов нормативных правовых актов и антикоррупционной экспертизы действующих нормативных правовых актов (к постановлению Кабинета Министров Кыргызской Республики от 28 октября 2026 года № 726)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-октябрындагы № 726 токтомуна) Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык экспертиза жана колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө 1-глава. Жалпы жоболор 1. Ушул Нускама адистештирилген экспертиза түрлөрүн жүргүзүүнүн максаттарын, милдеттерин, принциптерин жана тартибин аныктайт, атап айтканда: 1) ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык экспертизаны; 2) колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга (мындан ары – колдонуудагы ЧУА) коррупцияга каршы экспертизаны. 2. Адистештирилген экспертиза түрлөрүнүн максаттары болуп укуктук жөнгө салуунун сапатын камсыз кылуу, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кабыл алуунун, колдонуудагы ЧУАны колдонуунун терс укуктук, социалдык, экономикалык жана башка кесепеттерин алдын алуу, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо саналат. 3. Экспертиза жүргүзүү төмөнкүдөй принциптерге негизделет: 1) ыкчамдуулук – экспертиза өз убагында жана оптималдуу мөөнөттөрдө жүргүзүлүүгө тийиш; 2) толуктугу жана коюлган маселелерге ылайык келүүсү – экспертиза бардык коюлган маселелерге жоопторду камтууга жана бул алкактардан чыкпоого тийиш; 3) тыянактардын далилдүүлүгү жана негиздүүлүгү – экспертиза экспертизада камтылган бардык тыянактардын далилдүү негиздемесин камтууга тийиш; 4) эксперттин көз карандысыздыгы – эксперт талдоону аткарууда үчүнчү жактардын таасирине кабылбоого тийиш; 5) укук ченемдүүлүк – экспертиза белгиленген эрежелерди жана жол-жоболорду бузбастан, мыйзамдуу негизде жүргүзүлүүгө тийиш; 6) эксперттин жоопкерчилиги – эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана негизде жүргүзүлгөн экспертиза жана анын тыянактары үчүн жеке жоопкерчилик тартат. 4. Ушул Нускамада каралган экспертизалардын түрлөрү ченемдик укуктук актынын долбоорунун же колдонуудагы ЧУАнын укуктук жөнгө салуу предметин эске алуу менен өз алдынча да, комплекстүү да жүргүзүлүшү мүмкүн. 5. Бир экспертизанын натыйжалары, эгерде аларды жүргүзүү зарылдыгы ченемдик укуктук актынын долбоорунун мазмунунан же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынан келип чыкса, экспертизанын башка түрлөрүн жүргүзүүнү жокко чыгарбайт жана алмаштырбайт. |