ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 30 октября 2026 года № 788-VIII «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о предоставлении инвестиционного кредита для финансирования проекта «Строительство поверхностного водосброса Камбаратинской ГЭС-2» между Кыргызской Республикой и Евразийским фондом стабилизации и развития, подписанного 16 июля 2026 года в городе Бишкек»»

Редакцияот 30.10.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 30-октябры № 788-VIII

«2026-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган

Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана

өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Камбар-Ата-2 ГЭСинин

үстүнкү суу төкмөсүн куруу» долбоорун каржылоо үчүн

инвестициялык кредит берүү жөнүндө

макулдашууну ратификациялоо тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун

биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 7-октябрындагы чыг. № 18-12435) «2026-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстүнкү суу төкмөсүн куруу» долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары Б.А. Ибрагимов