ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 25 апреля 2026 года № 283 «Об утверждении Генерального плана города Бишкек до 2050 года»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 25-апрели № 283

 

 

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитүү жөнүндө

 

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 721 токтомунун редакциясына ылайык)

 

 

Бишкек шаарын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү, аймакты өнүктүрүүнү пландоо, функциялык зоналарды белгилөө, республикалык жана жергиликтүү мааниде пландалган объекттерди аныктоо, шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда адамдын коопсуздугун жана жагымдуу жашоо-тиричилик шарттарын камсыз кылуу, айлана-чөйрөгө чарбалык жана башка иштин терс таасирин чектөө, аймакты жана жаратылыш ресурстарын учурдагы жана келечек муундардын кызыкчылыгында коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, өзгөчө жөнгө салуудагы шаар куруу зонасы катарында Кыргыз Республикасынын борборунун өзгөчө статусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 36, 37-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 14-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планы (мындан ары - Башкы план) 1-3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Башкы план Бишкек шаарын аймактык пландоонун негизги документи болуп саналат жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, тармактык схемаларды иштеп чыгууда, ошондой эле курулуш жана жер тилкелерин пайдалануу жөнүндө чечимдерди кабыл алууда милдеттүү түрдө эске алынууга тийиш;

2) функциялык зоналаштыруу белгиленбеген аймактарда, аларды пайдалануунун келечектүү негизги түрлөрү жана шаар куруу регламенттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен аныкталат;

3) Башкы планга өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен киргизилет;

4) Башкы план жер мунапысы берилген объекттерге карата колдонулбайт;

5) архитектуралык шарттарды жана курулушка карата талаптарды камтыган шаар куруу корутундусу белгиленген тартипте берилген объекттерди кошпогондо, мурда иштелип чыккан жана ушул токтом күчүнө киргенге чейин ишке ашырылбаган шаар куруу документтери Башкы планга ылайык келтирилет.

3. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги шаар куруу ишинин объекттерине мониторинг жүргүзүү үчүн шаар куруу кадастрын иштеп чыксын.

4. Бишкек шаарынын мэриясы 2027-жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин жана Бишкек шаарын деталдуу пландоо долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча чараларды көрсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 721 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун мамлекеттик администрациялары Бишкек шаарынын шаар четиндеги зоналарынын чектериндеги жерлерди пайдаланууну жана шаар куруу ишин Бишкек шаарындагы шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу аймактык орган менен макулдашып турсун.

6. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору Бишкек шаарынын аймагында инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду пландоодо жана ишке ашырууда Башкы планды катуу жетекчиликке алсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 "2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев

 

 

3-тиркеме

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планына карата НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР (түшүндүрмө кат)

1-глава. Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын иштеп чыгууга карата методикалык мамилелер

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 "2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын Башкы планынын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы жаңы документти даярдоо зарылдыгын аныктады.

2050-жылга чейин Бишкек шаарынын башкы планы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 290-т тескемесинин негизинде иштелип чыкты.

1. 2050-жылга чейин Бишкек шаарынын башкы планы (мындан ары - Башкы план) узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн стратегиялык документи болуп саналат жана Бишкек шаарын Борбордук Азиянын финансылык жана логистикалык борбору катары калыптандырууга, экономиканы диверсификациялоого жана шаардык ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө багытталган.

2050-жылга чейин Бишкек шаарына глобалдык стратегиялык көз караш өлкөнүн социалдык-экономикалык негизги факторлорунун бири болуп саналган креативдүү жана инновациялык экономика менен ыңгайлуу, коопсуз, экономикалык туруктуу, ошондой эле инвестицияларды тартуу, технологиялардын жана адамдык капиталдын борбору болгон шаарды калыптандыруу катары аныкталат.

Башкы планды даярдоонун негизине шаарды өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй моделдери кирет:

1) башкаруучулук чечимдер шаар куруу документтерин (аймактык пландоо, шаар курууну зоналаштыруу жана деталдуу пландоо долбоорлору) комплекстүү долбоорлоонун базасында кабыл алынган туруктуу шаар куруу системасынын модели кыйла натыйжалуу болуп саналат жана тиешелүү түрдө аймакты өнүктүрүүнүн туруктуулугун камсыз кылат. Долбоордук чечимдер өнүгүүдөгү чектөөлөрдү (мүлктүк-укуктук, табигый жана техногендик мүнөздөгү, тарыхый-маданий маанидеги, шаар куруу чектөөлөрүн) эске алуу аркылуу жана тиешелүү түрдө аймакты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ресурстук потенциалды (табигый, аймактык ресурстар, адамдык капитал, тарыхый-маданий мурастар ж.б.) талдоонун негизинде аныкталат;

2) агломерациялык өнүктүрүү модели Бишкек агломерациясын жайгаштыруу системасын комплекстүү мейкиндик өнүктүрүүнү болжолдойт. Бишкек агломерациясын өнүктүрүү экономикалык өнүктүрүү (агломерация шаарларында кошумча жаңы эмгек орундарын түзүү), тейлөө системасын оптималдаштыруу (агломерациянын чакан борборлорунда инфраструктуралык объекттердин комплексин түзүү), агломерациянын транспорттук каркасын өнүктүрүү (Бишкек айланма темир жолун, автомобиль жолдорун куруу), рекреацияны, эс алууну жана туризмди өнүктүрүү (өзүнө тарта турган жаңы орундарды, эс алуу базаларын түзүү, улуттук жана маданий иденттүүлүк локацияларын өнүктүрүү) аркылуу жүзөгө ашырылат, бул Бишкек шаарын гана эмес, ошондой эле шаарларды - экономикалык өсүү түйүндөрүн (Кара-Балта, Токмок, Кант шаарлары, Беловодское, Ивановка, Кожомкул, Сокулук айылдары) күчөтүүгө өбөлгө түзөт;

3) Бишкекти жана Кантты көп борборлуу өнүктүрүү модели, аны ишке киргизүү жалпы шаардык маанидеги борборлордун, турак жай райондорунун борборлорунун, локалдык чакан борборлордун өз ара аракеттенүү системасын калыптандырууга, аларды ар кандай функциялар жана иш орундарын камсыздоо менен толуктоого багытталган.

Ушул Башкы планды даярдоо төмөнкү инновациялык ыкмаларды колдонуу менен жүзөгө ашырылат:

1) ушул Башкы планды даярдоону маалыматтык камсыздоодо ишке ашырылуучу комплекстүү санариптик ыкма, анын ичинде:

- жер-мүлктүк комплексинин параметрдик маалыматтары;

- курулуштун жана жер тилкелерин пайдалануунун түрлөрүнүн сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү;

- экономикалык маалыматтарды жана демографиялык мүнөздөмөлөрдү системалаштыруу;

- шаар куруу чөйрөсүнүн түзүмдүк компоненттеринин семантикалык сыпаттамасы, анын ичинде социалдык, инженердик, коммуникациялык, өндүрүштүк системалардын объекттеринин иштөө түрү, багыты жана натыйжалуулугу;

2) аймакты сарамжалдуу пландоо менен уюштуруунун негизи болуп каркастардын тең салмактуулугу саналат:

- транспорттук каркас транспорттук инфраструктуранын бардык түрүнүн эң маанилүү объекттерин (автомобиль, темир жол, аба жана суу транспортунун түйүндүк объекттери жана линиялык-багытталган элементтер) өзүнө бириктирген жана транспорт системасынын функционалдык биримдигин камсыздаган тең салмактуу жана байланыш таяныч транспорттук тармагын билдирет;

- табигый-экологиялык каркас табигый пайдалануунун жеке мүнөздөмөсүнө ээ болгон жана аймактын экологиялык жана туруктуулугун камсыз кылган мейкиндик-уюштурулган түзүмдү калыптандыруучу курулуп бүтө элек жана жашылдандырылган мейкиндиктердин аймактык үзгүлтүксүз системасын камтыйт;

- экономикалык каркас шаар түзүү базасын түзүү аркылуу иш орундарын толуктоону концентрациялаган коомдук-ишкердик, өндүрүштүк, коммуналдык-кампалык, транспорттук функционалдык зоналардын системасы менен калыптанат;

3) баланстык мамиле шаардын 15 мүнөттүк концепциясын эске алуу менен социалдык объекттердин зарыл болгон санына эмгек ресурстарынын, иш орундарын толуктоонун, турак жай зона аянттарынын оптималдуу катышында калктын долбоордук санын жайгаштырууну камсыз кылат;

4) транспорттун ар кандай түрлөрүн бириктирген жана транспорттук жол жүрүүнүн ар бир этабында транспорттун кыйла натыйжалуу түрүн тандоонун эсебинен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү жеткирүүгө чыгымдарды жана убакытты минималдаштыруу мүмкүнчүлүгүн берген транспорттук коридорлорду интеграциялоо жана пайдалануу жолу менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууда транспорттун ар түрдүү түрлөрүнүн натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү, бири-бирин алмаштыруусу жана бири-бирин толуктоосу камсыз кылынган тең салмактуу интермодалдык транспорт системасын калыптандыруу.

Ушул Башкы планды иштеп чыгуунун максаттары болуп аймактарды өнүктүрүүнү пландоо, функционалдык зоналаштырууну белгилөө, республикалык жана жергиликтүү маанидеги пландаштырылуучу объекттерди аныктоо, шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда адамдын жашоо-турмушунун коопсуздугун жана жагымдуу шарттарын камсыз кылуу; чарбалык жана башка иштин айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин чектөө; азыркы жана келечек муундарынын кызыкчылыгы үчүн жаратылыш ресурстарын коргоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу саналат.

Комплекстүү шаар куруу саясатын ишке ашыруу механизмдери:

- маданий мурастарды, салттарды жана шаар курууну долбоорлоонун заманбап ыкмаларын эске алуу менен шаарды жана ага кошулган аймактарды план ченемдүү өнүктүрүү;

- жашоо-турмуштун экологиялык жагымдуу жана ыңгайлуу чөйрөсүн түзүү;

- калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук максаттарына жана стратегиялык милдеттерине жетүү;

- инженердик, транспорттук жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү;

- тарыхый-маданий мурас объекттерин жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо.

Ушул Башкы план Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ошондой эле эл аралык алдынкы практикаларды колдонуу менен иштелип чыкты.

Бул Башкы планда төмөнкүлөр колдонулду:

- "Кыргыз башкы инженердик изилдөө институту" ААК жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту тарабынан аткарылган инженердик-геологиялык изилдөөлөр жана микросейсмикалык райондоштуруу материалдары;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан аткарылган картографиялык жана топографиялык материалдар;

- космостон сүрөткө тартуулар;

- Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын материалдары.

Иште 2022-жылы Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондун каттоо маалыматтары, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтары, министрликтердин жана ведомстволордун, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык жана шаар курууну өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландары жана программалары боюнча маалыматтары колдонулду.

Иште мурда аткарылган жана колдонуудагы деталдуу пландоо долбоорлорунун жана курулуш долбоорлорунун материалдары колдонулду.