ПостановлениеДействует

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 2 «Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу соц.объектилердин 2020/2021-жылдарга кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө» токтому

Редакцияот 11.09.2020
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган ХХХ сессиясы

 

 

2020-жылдын 11-сентябрындагы № 2

 

Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу соц.объектилердин 2020/2021-жылдарга кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө

 

Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XX I шайланышынын ) кезектеги чакырылган ХХХ сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу соц.объектилердин 2020/2021-жылдарга кыш мезгилине карата даярдыгы канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. Мектептерди жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин кѳмүр менен эртерээк камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы У.Кѳчѳрбаевге милдеттендирилсин.

 

3. №12 Ы.Кадыркулов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын толук бүтүрүү жагы айыл ѳкмѳт башчысы У.Кѳчѳрбаевге жана мектеп директору Г.Жээналиевага тапшырылсын.

 

4. «Аздек» балдар бакчасынын кѳмүр сактоочу жайын бала бакчанын жанына куруу үчүн финасы жагын кийинки жылдын бюджетине киргизүү жагы айыл ѳкмѳт башчысы У.Кѳчѳрбаевге милдеттендирилсин.

 

5. Аскалуу башталгыч мектебине сапаттуу электр жылыткычтарын коюу жагы айыл ѳкмѳт башчысы У.Кѳчѳрбаевге, айыл башчы Д.Абдыманаповго жана мектеп жетекчиси Тѳрѳгелди кызы Айжаркынга милдеттендилисин.

 

6. Регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура- курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин тѳрагасы

 

Р.Ө. Ажыбаев