ПостановлениеДействует

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2021-жылдын 25-февралындагы № 7 «Ленин айылынын жалпы элдик чогулушунун протоколдорун бекитип берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 25.02.2021
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXIV сессиясы

 

 

2021-жылдын 25-февралындагы № 7

 

 

Ленин айылынын жалпы элдик чогулушунун протоколдорун бекитип берүү жөнүндө

 

Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган XXXIV сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ленин айылынын Кара-Чий участкасынын коругун уюштуруу боюнча сунуштаган Ленин айылынын элинин жалпы чогулушунун токтому бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бардык 3 комиссиясына теӊ бирдей жүктөлсүн.

3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы З.Акуновага милдеттендирилсин.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин тѳрагасы

 

Р.Ө. Ажыбаев