Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2021-жылдын 25-февралындагы № 3 «Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2021-жыл башындагы калган калдыгы жѳнүндѳ» токтому
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXIV сессиясы
2021-жылдын 25-февралындагы № 3
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2021-жыл башындагы калган калдыгы жѳнүндѳ
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2021-жыл башына калган калдыгы жѳнүндѳ айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып,
Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXIшайланышынын) кезектеги
XXXIV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2020-жылга аткарылышы жѳнүндѳ жана 2021-жыл башына калган калдыгы жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн финансы экономика бѳлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2020-жылга киреше бѳлүгү 10710,6 мин сом,чыгаша бѳлүгү 10536,3 мин сом бjлгондугу белгиленсин.
3. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2021-жылга жыл башындагы калдык 443,1 мин сом болгондугу белгиленип, 2021-жылдагы бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ кошумча план болуп киргизилсин.Аппараттын 3111 беренесине 337,5 мин сом,бала бакчанын атайын каражатындагы 2218 беренесине 105,6 мин сом чыгымдалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин тѳрагасы |
| Р.Ө. Ажыбаев |