ПостановлениеДействует

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2021-жылдын 25-февралындагы № 1 «2021-жыл үчүн айылдык Кеңештин иш планын бекитүү тууралуу» токтому

Редакцияот 25.02.2021
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXIV сессиясы

 

 

2021-жылдын 25-февралындагы № 1

 

 

2021-жыл үчүн айылдык Кеңештин иш планын бекитүү тууралуу

 

2021-жыл үчүн айылдык Кеңештин иш планынын түзүлүшү, мазмуну тууралуу Р.Ажыбаев билдирүү жасады, анда иш план туруктуу комиссиянын отурумунда алдын ала карап чыгып, алымча кошумча киргизилип комиссияалардын кортундусуна ылайык, кабыл алгандыгын билдирди.

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХ шайланышынын) кезектеги чакырылган XXXIV сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын 2020-жыл үчүн түзүлгөн иш пландын аткарылышы тууралуу айылдык Кенештин төрагасы Р.Ажыбаевдин билдирүүсү эске алынсын.

 

2. 2021-жыл үчүн түзүлгөн Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин иш планы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык Кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.

 

4. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин тѳрагасы

 

Р.Ө. Ажыбаев