ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 22 апреля 2026 года № 438-VIII "О внесении изменений в постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 18 декабря 2025 года№ 15-VIII «О формировании составов комитетов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики»

Редакцияот 22.04.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 22-апрели № 438-VIII

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м к ы л а т:

1. «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытов Талант Турдумаматович Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

2. «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сариев Улан Алмасбекович Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

а) 1-пунктчада:

– жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

«Сариев Улан Алмасбекович – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;»;

б) 6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

«Мамытов Талант Турдумаматович – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;».

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Төрага М.А. Маматалиев